Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #78 Translated in Kyrgyz

وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لَعَلَّهُمْ يُنْصَرُونَ
Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо кана
لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَهُمْ وَهُمْ لَهُمْ جُنْدٌ مُحْضَرُونَ
(«Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес!. (Бирок ошого карабай) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет)
فَلَا يَحْزُنْكَ قَوْلُهُمْ ۘ إِنَّا نَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ
(О, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз
أَوَلَمْ يَرَ الْإِنْسَانُ أَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ نُطْفَةٍ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُبِينٌ
Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди
وَضَرَبَ لَنَا مَثَلًا وَنَسِيَ خَلْقَهُ ۖ قَالَ مَنْ يُحْيِي الْعِظَامَ وَهِيَ رَمِيمٌ
Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Сөпөт болгон сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?»-деп, Бизге (каршы) мисал келтирет

Choose other languages: