Quran Apps in many lanuages:

Surah Ya-Seen Ayahs #71 Translated in Kyrgyz

وَلَوْ نَشَاءُ لَمَسَخْنَاهُمْ عَلَىٰ مَكَانَتِهِمْ فَمَا اسْتَطَاعُوا مُضِيًّا وَلَا يَرْجِعُونَ
Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат
وَمَنْ نُعَمِّرْهُ نُنَكِّسْهُ فِي الْخَلْقِ ۖ أَفَلَا يَعْقِلُونَ
Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейби
وَمَا عَلَّمْنَاهُ الشِّعْرَ وَمَا يَنْبَغِي لَهُ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ وَقُرْآنٌ مُبِينٌ
Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Кураан
لِيُنْذِرَ مَنْ كَانَ حَيًّا وَيَحِقَّ الْقَوْلُ عَلَى الْكَافِرِينَ
Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү)
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا خَلَقْنَا لَهُمْ مِمَّا عَمِلَتْ أَيْدِينَا أَنْعَامًا فَهُمْ لَهَا مَالِكُونَ
Алар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердик

Choose other languages: