Surah Ta-Ha Ayahs #88 Translated in Kyrgyz
قَالَ هُمْ أُولَاءِ عَلَىٰ أَثَرِي وَعَجِلْتُ إِلَيْكَ رَبِّ لِتَرْضَىٰ
(Муса) айтты: «Алар мына, артымда келе жатышат. О, Раббим, мен Сага шашып баратамын! Ыраазы болушуң үчүн!»
قَالَ فَإِنَّا قَدْ فَتَنَّا قَوْمَكَ مِنْ بَعْدِكَ وَأَضَلَّهُمُ السَّامِرِيُّ
(Аллаһ) айтты: «Сен чыккандан кийин Биз коомуңа сыноо түшүрдүк. Жана аларды Саамирий адаштырды»
فَرَجَعَ مُوسَىٰ إِلَىٰ قَوْمِهِ غَضْبَانَ أَسِفًا ۚ قَالَ يَا قَوْمِ أَلَمْ يَعِدْكُمْ رَبُّكُمْ وَعْدًا حَسَنًا ۚ أَفَطَالَ عَلَيْكُمُ الْعَهْدُ أَمْ أَرَدْتُمْ أَنْ يَحِلَّ عَلَيْكُمْ غَضَبٌ مِنْ رَبِّكُمْ فَأَخْلَفْتُمْ مَوْعِدِي
Анан Муса коомуна ачууланып, бушайман болуп кайтып барды жана: «О, коомум! Раббиңер силерге («Тоорат түшүрөмүн» деп) жакшынакай убада бербеди беле?! (Мен ошол убада үчүн кетпедим беле?!) Эмне, силерге (араңарда мен жок болгон) убакыт узун болуп кеттиби?! Же болбосо, үстүңөргө Раббиңердин каары түшүшүн кааладыңарбы?! Силер Мага берген убадаңарды буздуңар!”
قَالُوا مَا أَخْلَفْنَا مَوْعِدَكَ بِمَلْكِنَا وَلَٰكِنَّا حُمِّلْنَا أَوْزَارًا مِنْ زِينَةِ الْقَوْمِ فَقَذَفْنَاهَا فَكَذَٰلِكَ أَلْقَى السَّامِرِيُّ
Алар айтышты: «Биз Сага берген убаданы өз эркибиз менен бузбадык. Бирок, биз (Мисирден чыгып келе жатканда жергиликтүү) коомдун (алтын) зыйнаттарынан турган «күнөөнүн» астында калганбыз.! Биз аны (эритиш үчүн отко) таштадык. Саамирий дагы таштады (жана)
فَأَخْرَجَ لَهُمْ عِجْلًا جَسَدًا لَهُ خُوَارٌ فَقَالُوا هَٰذَا إِلَٰهُكُمْ وَإِلَٰهُ مُوسَىٰ فَنَسِيَ
аларга (жаны бар сыяктуу,) мөөрөп добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн жасап берди. (Кийин Саамирий жана ага азгырылгандар) айтышты: «Ушул — силердин жана Мусанын кудайыңар. (Муса муну) унутуп койду (жана кудайды издеп башка тарапка кетти)»
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
