Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #76 Translated in Kyrgyz

قَالُوا لَنْ نُؤْثِرَكَ عَلَىٰ مَا جَاءَنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالَّذِي فَطَرَنَا ۖ فَاقْضِ مَا أَنْتَ قَاضٍ ۖ إِنَّمَا تَقْضِي هَٰذِهِ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا
(Сыйкырчылар) айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген аят-моожизалардан жана бизди жараткан Аллаһтан сени жогору койо албайбыз. (Бизге) Эмне өкүм кылсаң кыла бер! Сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыла аласың
إِنَّا آمَنَّا بِرَبِّنَا لِيَغْفِرَ لَنَا خَطَايَانَا وَمَا أَكْرَهْتَنَا عَلَيْهِ مِنَ السِّحْرِ ۗ وَاللَّهُ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ
Биз Раббибизге, каталарыбызды жана сен бизди мажбурлаган сыйкыр(ыбыз)ды кечиришин үмүт кылып, ыйман келтирдик. Аллаһ жакшы жана Түбөлүк!»
إِنَّهُ مَنْ يَأْتِ رَبَّهُ مُجْرِمًا فَإِنَّ لَهُ جَهَنَّمَ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ
Чынында, ким (Кыяматта) Раббисине күнөөкөр (каапыр) абалда барса ага сөзсүз Тозок бар. (Ал анда) же өлө албайт, же жашай албайт
وَمَنْ يَأْتِهِ مُؤْمِنًا قَدْ عَمِلَ الصَّالِحَاتِ فَأُولَٰئِكَ لَهُمُ الدَّرَجَاتُ الْعُلَىٰ
Жана ким Раббисине жакшы амалдарды жасап, момун-ыймандуу абалда жолукса, аларга эң жогорку даражалар
جَنَّاتُ عَدْنٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ جَزَاءُ مَنْ تَزَكَّىٰ
Түбүнөн дарыялар аккан, анда "Адн" бейиштери бар. Алар анда түбөлүк калышат! Бул (шек жана каапырчылыктан) таза боло алгандардын сыйлыгы!”

Choose other languages: