Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #50 Translated in Kyrgyz

قَالَ لَا تَخَافَا ۖ إِنَّنِي مَعَكُمَا أَسْمَعُ وَأَرَىٰ
«Коркпогула! Мен силер мененмин! (Бардыгын угуп, көрүп турамын)
فَأْتِيَاهُ فَقُولَا إِنَّا رَسُولَا رَبِّكَ فَأَرْسِلْ مَعَنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ وَلَا تُعَذِّبْهُمْ ۖ قَدْ جِئْنَاكَ بِآيَةٍ مِنْ رَبِّكَ ۖ وَالسَّلَامُ عَلَىٰ مَنِ اتَّبَعَ الْهُدَىٰ
Баргыла дагы: «Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Исрайил урпактарын биз менен (өз ата журттарына) жибер. Аларды азапка салба. Биз сага Раббиңден моожиза алып келдик. Хидаятка (Аллаһтын Туура Жолуна) ээрчигендерге салам болсун!»
إِنَّا قَدْ أُوحِيَ إِلَيْنَا أَنَّ الْعَذَابَ عَلَىٰ مَنْ كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ
Чынында, бизге: «(Менин аяттарымды) «жалган» деп, жүз бурган адамдарга азап бар» деп вахий кылынган» - дегиле. (Ошондо Фираун)
قَالَ فَمَنْ رَبُّكُمَا يَا مُوسَىٰ
Айтты: «О, Муса, силердин Раббиңер ким?!»
قَالَ رَبُّنَا الَّذِي أَعْطَىٰ كُلَّ شَيْءٍ خَلْقَهُ ثُمَّ هَدَىٰ
(Муса) айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге (өзүнө жарашкан) келбет-шекилин берип (жараткан) жана (өз багытына) жолдоп койгон Аллаһ»

Choose other languages: