Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #112 Translated in Kyrgyz

يَوْمَئِذٍ يَتَّبِعُونَ الدَّاعِيَ لَا عِوَجَ لَهُ ۖ وَخَشَعَتِ الْأَصْوَاتُ لِلرَّحْمَٰنِ فَلَا تَسْمَعُ إِلَّا هَمْسًا
Ошол күнү (элдер) бир жарчынын артынан (Мавкиф майданына) ээрчип жөнөшөт. Анын жар салган сөздөрүндө эч бир ката жок. (Күүлдөгөн) добуштар Рахмандын (Аллаһтын) урматына өчүп, шыбыраган үндөрдү гана угуп каласың
يَوْمَئِذٍ لَا تَنْفَعُ الشَّفَاعَةُ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ الرَّحْمَٰنُ وَرَضِيَ لَهُ قَوْلًا
Ал күнү Рахман? уруксат бергендерге жана сөзүнөн Аллаһ ыраазы болгондорго гана шапаат пайда берет
يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يُحِيطُونَ بِهِ عِلْمًا
(Аллаһ) пенделердин келечегиндеги, өтмүшүндөгү бардык нерсени билет. Алардын илими Аллаһты камтый албайт
وَعَنَتِ الْوُجُوهُ لِلْحَيِّ الْقَيُّومِ ۖ وَقَدْ خَابَ مَنْ حَمَلَ ظُلْمًا
Бардык жүздөр(дүн ээлери) Түбөлүк Тирүү (бардык ааламдарды башкарып) Туруучуга баш ийишет. Зулум көтөрүп баргандар (каапырлар) максатка жетпей калат
وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَا يَخَافُ ظُلْمًا وَلَا هَضْمًا
Жана ким ыймандуу болгон абалда жакшы амалдарды жасаган болсо, зулумдан жана соопторунун кемитип коюлуусунан коркпойт

Choose other languages: