Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #114 Translated in Kyrgyz

يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يُحِيطُونَ بِهِ عِلْمًا
(Аллаһ) пенделердин келечегиндеги, өтмүшүндөгү бардык нерсени билет. Алардын илими Аллаһты камтый албайт
وَعَنَتِ الْوُجُوهُ لِلْحَيِّ الْقَيُّومِ ۖ وَقَدْ خَابَ مَنْ حَمَلَ ظُلْمًا
Бардык жүздөр(дүн ээлери) Түбөлүк Тирүү (бардык ааламдарды башкарып) Туруучуга баш ийишет. Зулум көтөрүп баргандар (каапырлар) максатка жетпей калат
وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَا يَخَافُ ظُلْمًا وَلَا هَضْمًا
Жана ким ыймандуу болгон абалда жакшы амалдарды жасаган болсо, зулумдан жана соопторунун кемитип коюлуусунан коркпойт
وَكَذَٰلِكَ أَنْزَلْنَاهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا وَصَرَّفْنَا فِيهِ مِنَ الْوَعِيدِ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ أَوْ يُحْدِثُ لَهُمْ ذِكْرًا
(О, Мухаммад) мына ушинтип, Биз аны араб тилиндеги Кураан сүрөтүндө түшүрдүк жана анда эскертүүчү аяттарды удаама-удаа келтирдик. Балким, эми алар коркушаар же (бул эскертүүчү аяттар) аларда эскерүүнү (сергектикти) жаратаар
فَتَعَالَى اللَّهُ الْمَلِكُ الْحَقُّ ۗ وَلَا تَعْجَلْ بِالْقُرْآنِ مِنْ قَبْلِ أَنْ يُقْضَىٰ إِلَيْكَ وَحْيُهُ ۖ وَقُلْ رَبِّ زِدْنِي عِلْمًا
Акыйкат Падыша болгон Аллаһ эң Жогору! (О, Мухаммад)) сага вахий кабары түшүп бүтө электе, Кураанды окуганга шашылба жана: «О, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» деп дуба кыл

Choose other languages: