Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #106 Translated in Kyrgyz

يَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ ۚ وَنَحْشُرُ الْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍ زُرْقًا
Сур (кернейи) тартылган күн... Ошол күнү күнөөлүүлөрдү (коркуудан жана кордуктан улам) ыраң-түсү көгөргөн абалда чогултабыз. (Алар периштелер тарабынан кордолуп Мавкиф тарапка сүрүп алып барыла жатканда)
يَتَخَافَتُونَ بَيْنَهُمْ إِنْ لَبِثْتُمْ إِلَّا عَشْرًا
Бири-бирине: «(Дүйнөдө) он күн гана турдуңар-э?» деп, шыбырап сүйлөшүшөт
نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَقُولُونَ إِذْ يَقُولُ أَمْثَلُهُمْ طَرِيقَةً إِنْ لَبِثْتُمْ إِلَّا يَوْمًا
Биз алардын эмне дегендерин эң жакшы билебиз. Ошондо алардын билермандары: «Жок, силер бир эле күн турдуңар» дешет
وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْجِبَالِ فَقُلْ يَنْسِفُهَا رَبِّي نَسْفًا
(О, Мухаммад) Сенден тоолор (жана алардын Кыяматтагы абалы) жөнүндө сурашат. Айткын: «Раббим аларды (кум сыяктуу) чачып жиберет
فَيَذَرُهَا قَاعًا صَفْصَفًا
Жана (жер менен) тегиз кылып салат

Choose other languages: