Quran Apps in many lanuages:

Surah Sad Ayahs #47 Translated in Kyrgyz

وَوَهَبْنَا لَهُ أَهْلَهُ وَمِثْلَهُمْ مَعَهُمْ رَحْمَةً مِنَّا وَذِكْرَىٰ لِأُولِي الْأَلْبَابِ
Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана (тээ Кыяматка чейинки) акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик
وَخُذْ بِيَدِكَ ضِغْثًا فَاضْرِبْ بِهِ وَلَا تَحْنَثْ ۗ إِنَّا وَجَدْنَاهُ صَابِرًا ۚ نِعْمَ الْعَبْدُ ۖ إِنَّهُ أَوَّابٌ
(О, Айюб!) Колуңа бир боо (чыбык) ал дагы (аялыңды) ошону менен саба! Антыңды бузба!? Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал эң мыкты пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген
وَاذْكُرْ عِبَادَنَا إِبْرَاهِيمَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ أُولِي الْأَيْدِي وَالْأَبْصَارِ
Сен (о, Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин
إِنَّا أَخْلَصْنَاهُمْ بِخَالِصَةٍ ذِكْرَى الدَّارِ
Биз аларды (өзгөчө бир) касиет — Акыретти эстөө менен ыкластуу КЫЛДЫК
وَإِنَّهُمْ عِنْدَنَا لَمِنَ الْمُصْطَفَيْنَ الْأَخْيَارِ
Ырасында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан

Choose other languages: