Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #35 Translated in Kyrgyz

وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ حَتَّىٰ نَعْلَمَ الْمُجَاهِدِينَ مِنْكُمْ وَالصَّابِرِينَ وَنَبْلُوَ أَخْبَارَكُمْ
Биз силердин араңардан (чыныгы) жихад кылуучулар менен сабырдуу момундарды сынап (тандап) алганга чейин жана силердин (чыныгы) кабарыңарды билгенге чейин (ар түрдүү сыноолор менен) сынай беребиз
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَشَاقُّوا الرَّسُولَ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْهُدَىٰ لَنْ يَضُرُّوا اللَّهَ شَيْئًا وَسَيُحْبِطُ أَعْمَالَهُمْ
Чынында, (өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон жана өздөрүнө Туура Жол анык билинип калгандан кийин деле (ар түрдүү бузукулук менен) пайгамбарды машакат-түйшүккө салган адамдар Аллаһка эч нерсени зыян жеткире алышпайт! Жана (Аллаһ) алардын иш-аракеттерин текке кетирип койот
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَلَا تُبْطِلُوا أَعْمَالَكُمْ
О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Жана (Аллаһтын аяттарына каршы чыгуу менен) ишиңерди жараксыз кылып албагыла
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ثُمَّ مَاتُوا وَهُمْ كُفَّارٌ فَلَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ
Аныгында, каапыр болуп (адамдарды) Аллаһтын жолунан тоскон (жана) андан соң каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын күнөөлөрүн Аллаһ эч качан кечирбейт
فَلَا تَهِنُوا وَتَدْعُوا إِلَى السَّلْمِ وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ وَاللَّهُ مَعَكُمْ وَلَنْ يَتِرَكُمْ أَعْمَالَكُمْ
(О, момундар! Силер жихад мезгилинде) жалкоолук кылбагыла! Жана колуңар (душмандан) бийик келип турган абалыңарда (аларды) тынчтыкка чакырбагыла! Аллаһ силер менен бирге! Жана Ал силердин (сооп) амалыңарды кемитпейт

Choose other languages: