Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #37 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَلَا تُبْطِلُوا أَعْمَالَكُمْ
О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Жана (Аллаһтын аяттарына каршы чыгуу менен) ишиңерди жараксыз кылып албагыла
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ثُمَّ مَاتُوا وَهُمْ كُفَّارٌ فَلَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ
Аныгында, каапыр болуп (адамдарды) Аллаһтын жолунан тоскон (жана) андан соң каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын күнөөлөрүн Аллаһ эч качан кечирбейт
فَلَا تَهِنُوا وَتَدْعُوا إِلَى السَّلْمِ وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ وَاللَّهُ مَعَكُمْ وَلَنْ يَتِرَكُمْ أَعْمَالَكُمْ
(О, момундар! Силер жихад мезгилинде) жалкоолук кылбагыла! Жана колуңар (душмандан) бийик келип турган абалыңарда (аларды) тынчтыкка чакырбагыла! Аллаһ силер менен бирге! Жана Ал силердин (сооп) амалыңарды кемитпейт
إِنَّمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا لَعِبٌ وَلَهْوٌ ۚ وَإِنْ تُؤْمِنُوا وَتَتَّقُوا يُؤْتِكُمْ أُجُورَكُمْ وَلَا يَسْأَلْكُمْ أَمْوَالَكُمْ
Чынында, дүйнө жашоосу оюн жана тамаша. Эгерде силер ыймандуу жана такыбалуу болсоңор Аллаһ силерге сооп-сыйлыгыңарды (толук) берет жана мал-мүлкүңөрдү(н бардыгын Аллаһ жолуна чыгарууну) сурабайт
إِنْ يَسْأَلْكُمُوهَا فَيُحْفِكُمْ تَبْخَلُوا وَيُخْرِجْ أَضْغَانَكُمْ
Эгер (Аллаһ) силерден аны (мүлкүңөрдү) сурап, түйшөлтсө, сараңдык кыласыңар жана Ал силердин (жүрөгүңөрдөгү) жек көрүүнү ашкерелеп койот

Choose other languages: