Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #4 Translated in Kyrgyz

الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ أَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ
(Өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон адамдардын амалдарын (Аллаһ Таала) жокко чыгарды
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَآمَنُوا بِمَا نُزِّلَ عَلَىٰ مُحَمَّدٍ وَهُوَ الْحَقُّ مِنْ رَبِّهِمْ ۙ كَفَّرَ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَأَصْلَحَ بَالَهُمْ
Аллаһ ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган жана Мухаммадга түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга), чынында, ал Раббиси тарабынан келген Акыйкат деп ишенген адамдардын (чоң-кичине) күнөөлөрүн өчүрүп, (жүрөктөрүн жана) иштерин оңдоп койот
ذَٰلِكَ بِأَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا اتَّبَعُوا الْبَاطِلَ وَأَنَّ الَّذِينَ آمَنُوا اتَّبَعُوا الْحَقَّ مِنْ رَبِّهِمْ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ اللَّهُ لِلنَّاسِ أَمْثَالَهُمْ
Мунун себеби, каапыр адамдар жалганды ээрчишет, ыйман келтиргендер Раббисинен келген Акыйкатты ээрчийт. Аллаһ адамдарга өздөрүнүн мисалдарын ушинтип келтирет
فَإِذَا لَقِيتُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا فَضَرْبَ الرِّقَابِ حَتَّىٰ إِذَا أَثْخَنْتُمُوهُمْ فَشُدُّوا الْوَثَاقَ فَإِمَّا مَنًّا بَعْدُ وَإِمَّا فِدَاءً حَتَّىٰ تَضَعَ الْحَرْبُ أَوْزَارَهَا ۚ ذَٰلِكَ وَلَوْ يَشَاءُ اللَّهُ لَانْتَصَرَ مِنْهُمْ وَلَٰكِنْ لِيَبْلُوَ بَعْضَكُمْ بِبَعْضٍ ۗ وَالَّذِينَ قُتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَلَنْ يُضِلَّ أَعْمَالَهُمْ
Эгер каапырларга (согуш мезгилинде) жолугуп калсаңар, мойнуна (кылыч) ургула! Эми, качан аларды жеңип алсаңар, (тирүү калгандарын) туткундагыла! Андан кийин же эч нерсе албай, азат кылып жибересиңер, же болбосо төлөм-акы алып (андан соң) коюп жибересиңер. (Бул өкүм) согуш (абалы) бүткөнгө чейин. Ушундай. Ал эми, (эгер) Аллаһ кааласа аларды (согушсуз эле) жеңип коймок. Бирок, бирөөңөрдү бирөөңөр менен сынап (тандап) алуу үчүн (согушка буюрду). Жана Аллаһтын жолунда өлтүрүлгөн адамдардын амалдарын (Аллаһ) эч качан текке кетирбейт

Choose other languages: