Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #85 Translated in Kyrgyz

وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لِيَكُونُوا لَهُمْ عِزًّا
Алар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышкан
كَلَّا ۚ سَيَكْفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمْ وَيَكُونُونَ عَلَيْهِمْ ضِدًّا
Жок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат
أَلَمْ تَرَ أَنَّا أَرْسَلْنَا الشَّيَاطِينَ عَلَى الْكَافِرِينَ تَؤُزُّهُمْ أَزًّا
Көрбөйсүңбү, чынында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт
فَلَا تَعْجَلْ عَلَيْهِمْ ۖ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمْ عَدًّا
Сен аларга (азапты) шашылтырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз
يَوْمَ نَحْشُرُ الْمُتَّقِينَ إِلَى الرَّحْمَٰنِ وَفْدًا
Ошол (Кыямат) Күнү Биз такыба кишилерди өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз

Choose other languages: