Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #87 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَ أَنَّا أَرْسَلْنَا الشَّيَاطِينَ عَلَى الْكَافِرِينَ تَؤُزُّهُمْ أَزًّا
Көрбөйсүңбү, чынында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт
فَلَا تَعْجَلْ عَلَيْهِمْ ۖ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمْ عَدًّا
Сен аларга (азапты) шашылтырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз
يَوْمَ نَحْشُرُ الْمُتَّقِينَ إِلَى الرَّحْمَٰنِ وَفْدًا
Ошол (Кыямат) Күнү Биз такыба кишилерди өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз
وَنَسُوقُ الْمُجْرِمِينَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ وِرْدًا
(Каапыр) кылмышкерлерди болсо, суусаган (кордолгон) абалда тозокко айдайбыз
لَا يَمْلِكُونَ الشَّفَاعَةَ إِلَّا مَنِ اتَّخَذَ عِنْدَ الرَّحْمَٰنِ عَهْدًا
(Ал жерде) Рахман (Аллаһ) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.”

Choose other languages: