Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #82 Translated in Kyrgyz

أَطَّلَعَ الْغَيْبَ أَمِ اتَّخَذَ عِنْدَ الرَّحْمَٰنِ عَهْدًا
Эмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Рахман менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен
كَلَّا ۚ سَنَكْتُبُ مَا يَقُولُ وَنَمُدُّ لَهُ مِنَ الْعَذَابِ مَدًّا
Жок, андай эмес! Биз алардын (күнөө) сөздөрүн жазып койобуз жана аларга азапты(н мөөнөтүн) узартабыз
وَنَرِثُهُ مَا يَقُولُ وَيَأْتِينَا فَرْدًا
Жана алар айткан нерселерге (дүйнө-мүлк, дөөлөткө) мына Биз мураскор болобуз. Алар болсо, Бизге жалгыз өздөрү келишет
وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لِيَكُونُوا لَهُمْ عِزًّا
Алар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышкан
كَلَّا ۚ سَيَكْفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمْ وَيَكُونُونَ عَلَيْهِمْ ضِدًّا
Жок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат

Choose other languages: