Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #42 Translated in Kyrgyz

أَسْمِعْ بِهِمْ وَأَبْصِرْ يَوْمَ يَأْتُونَنَا ۖ لَٰكِنِ الظَّالِمُونَ الْيَوْمَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Бизге келээр күнү, алардын кулагы аябай сак, көзү көрөгөч болуп калат.! Бирок, заалымдар ал Күнү терең адашууда
وَأَنْذِرْهُمْ يَوْمَ الْحَسْرَةِ إِذْ قُضِيَ الْأَمْرُ وَهُمْ فِي غَفْلَةٍ وَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
(О, Мухаммад!) Сен аларды бушаймандык күнүнөн эскерт! Ал Күнү иш чечилип (Тозокко түшүшү анык болуп) калат. Алар болсо, ыйман келтирбей (дүйнө жыргалдарына) мас болуп жүрүшөт
إِنَّا نَحْنُ نَرِثُ الْأَرْضَ وَمَنْ عَلَيْهَا وَإِلَيْنَا يُرْجَعُونَ
Жерди жана анда болгондун баарын Өзүбүз мураска алабыз жана бардыгы Бизге кайтышат
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِبْرَاهِيمَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَبِيًّا
Жана сен (оо, Мухаммад), Китепте Ибрахимди эстегин. Ал чынчыл Пайгамбар эле
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ يَا أَبَتِ لِمَ تَعْبُدُ مَا لَا يَسْمَعُ وَلَا يُبْصِرُ وَلَا يُغْنِي عَنْكَ شَيْئًا
Бир кезде ал атасына: «О, атаке, эмне үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүңүзгө эч пайдасы тийбей турган «кудайларга» ибадат кылуудасыз

Choose other languages: