Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #33 Translated in Kyrgyz

فَأَشَارَتْ إِلَيْهِ ۖ قَالُوا كَيْفَ نُكَلِّمُ مَنْ كَانَ فِي الْمَهْدِ صَبِيًّا
Марям («бөбөгүмдөн сурагыла» дегендей) ага ишарат кылды. «Бешиктеги бөбөк менен кантип сүйлөшөбүз?!» дешти. (Ошондо, Аллаһ Өзүнүн Кудурети менен бөбөк — Ыйсаны сүйлөтүп, ал апасынын аруу-таза экенине күбөлүк берип)
قَالَ إِنِّي عَبْدُ اللَّهِ آتَانِيَ الْكِتَابَ وَجَعَلَنِي نَبِيًّا
Айтты: «Мен — Аллаһтын пендесимин.! Ал (Өзүнүн келечектеги тагдыр-жазмышы боюнча) мага китеп берип, пайгамбар кылды
وَجَعَلَنِي مُبَارَكًا أَيْنَ مَا كُنْتُ وَأَوْصَانِي بِالصَّلَاةِ وَالزَّكَاةِ مَا دُمْتُ حَيًّا
Ал мени кайда барсам берекеттүү кылып, мага — денемде жаным болсо эле — намаз окуп, зекет берүүнү
وَبَرًّا بِوَالِدَتِي وَلَمْ يَجْعَلْنِي جَبَّارًا شَقِيًّا
Апама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоор-текебер кылбады
وَالسَّلَامُ عَلَيَّ يَوْمَ وُلِدْتُ وَيَوْمَ أَمُوتُ وَيَوْمَ أُبْعَثُ حَيًّا
Жана мен туулган, өлгөн жана кайра тирилген күндөрүмдө мага (Аллаһ тарабынан) тынчтык-амандык болсун!»

Choose other languages: