Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #36 Translated in Kyrgyz

وَبَرًّا بِوَالِدَتِي وَلَمْ يَجْعَلْنِي جَبَّارًا شَقِيًّا
Апама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоор-текебер кылбады
وَالسَّلَامُ عَلَيَّ يَوْمَ وُلِدْتُ وَيَوْمَ أَمُوتُ وَيَوْمَ أُبْعَثُ حَيًّا
Жана мен туулган, өлгөн жана кайра тирилген күндөрүмдө мага (Аллаһ тарабынан) тынчтык-амандык болсун!»
ذَٰلِكَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ ۚ قَوْلَ الْحَقِّ الَّذِي فِيهِ يَمْتَرُونَ
(Яхудийлер менен христиандар) шек-күмөндө болуп жаткан Марямдын уулу Ыйса (жөнүндөгү) Аллаһтын Сөзү — ушул
مَا كَانَ لِلَّهِ أَنْ يَتَّخِذَ مِنْ وَلَدٍ ۖ سُبْحَانَهُ ۚ إِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
(Пенделери арасынан бирөөнү) Өзүнө бала кылып алуу Аллаһка ылайык эмес! Ал (мындан) Таза! Эгер Ал бир ишти өкүм кылса, ага карап «бол!» деши менен болуп калат
وَإِنَّ اللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمْ فَاعْبُدُوهُ ۚ هَٰذَا صِرَاطٌ مُسْتَقِيمٌ
«Чынында, менин жана силердин Раббиңер — Аллаһ! Өзүнө гана ибадат кылгыла! Ушул гана эң Туура Жол!»

Choose other languages: