Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #25 Translated in Kyrgyz

قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٌ ۖ وَلِنَجْعَلَهُ آيَةً لِلنَّاسِ وَرَحْمَةً مِنَّا ۚ وَكَانَ أَمْرًا مَقْضِيًّا
(Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бил иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Марямдын көйнөгүнүн жакасына дем салды. Ушул демден улам)
فَحَمَلَتْهُ فَانْتَبَذَتْ بِهِ مَكَانًا قَصِيًّا
Ал (Ыйсага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды
فَأَجَاءَهَا الْمَخَاضُ إِلَىٰ جِذْعِ النَّخْلَةِ قَالَتْ يَا لَيْتَنِي مِتُّ قَبْلَ هَٰذَا وَكُنْتُ نَسْيًا مَنْسِيًّا
Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) курма дарагынын бутагына алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкачылыктан, суусагандан жана да эң коркунучтуусу адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп:) «О, кана эми, ушуга чейин эле өлүп калган жана тап-такыр унутулуп кеткен болсом!» - деди
فَنَادَاهَا مِنْ تَحْتِهَا أَلَّا تَحْزَنِي قَدْ جَعَلَ رَبُّكِ تَحْتَكِ سَرِيًّا
Ошондо, андан ылдыйраак жерден (Жебирейил периште үн катты): «Кайгырба, Раббиң бутуңдун астынан суу (дарыя) агызып койду
وَهُزِّي إِلَيْكِ بِجِذْعِ النَّخْلَةِ تُسَاقِطْ عَلَيْكِ رُطَبًا جَنِيًّا
Жана өзүңө курма бутагын силкитсең, сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт

Choose other languages: