Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #28 Translated in Kyrgyz

فَنَادَاهَا مِنْ تَحْتِهَا أَلَّا تَحْزَنِي قَدْ جَعَلَ رَبُّكِ تَحْتَكِ سَرِيًّا
Ошондо, андан ылдыйраак жерден (Жебирейил периште үн катты): «Кайгырба, Раббиң бутуңдун астынан суу (дарыя) агызып койду
وَهُزِّي إِلَيْكِ بِجِذْعِ النَّخْلَةِ تُسَاقِطْ عَلَيْكِ رُطَبًا جَنِيًّا
Жана өзүңө курма бутагын силкитсең, сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт
فَكُلِي وَاشْرَبِي وَقَرِّي عَيْنًا ۖ فَإِمَّا تَرَيِنَّ مِنَ الْبَشَرِ أَحَدًا فَقُولِي إِنِّي نَذَرْتُ لِلرَّحْمَٰنِ صَوْمًا فَلَنْ أُكَلِّمَ الْيَوْمَ إِنْسِيًّا
Эми, (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң менен) кубан! Ал эми, адамдардан бирөөнү көрсөң (ымаа-ишаарат менен): «Мен Рахман (Аллаһ) үчүн сүкүт чалууну назир кылып койдум эле. Бүгүн эч кимге сүйлөбөймүн» дегин
فَأَتَتْ بِهِ قَوْمَهَا تَحْمِلُهُ ۖ قَالُوا يَا مَرْيَمُ لَقَدْ جِئْتِ شَيْئًا فَرِيًّا
(Марям) баласын көтөрүп коомуна келгенде, (ар жактан ажылдашып мындай) дешти: «О, Марям! Сен болбогон уят иш жасаптырсың
يَا أُخْتَ هَارُونَ مَا كَانَ أَبُوكِ امْرَأَ سَوْءٍ وَمَا كَانَتْ أُمُّكِ بَغِيًّا
О, Харундун карындашы! Сенин атаң бузук, апаң сойку эмес эле го!»

Choose other languages: