Quran Apps in many lanuages:

Surah Ibrahim Ayahs #9 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِآيَاتِنَا أَنْ أَخْرِجْ قَوْمَكَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ وَذَكِّرْهُمْ بِأَيَّامِ اللَّهِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ
Биз Мусаны Өзүбүз берген моожизалар менен (пайгамбар кылып) жиберип: «Коомуңду караңгылыктардан Нурга чыгаргын жана аларга Аллаһтын күндөрүн эстеткин. Албетте мында сабырдуу, шүгүр кылуучу адамдар үчүн үлгү-сабактар бар» — дедик
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ أَنْجَاكُمْ مِنْ آلِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوءَ الْعَذَابِ وَيُذَبِّحُونَ أَبْنَاءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَاءَكُمْ ۚ وَفِي ذَٰلِكُمْ بَلَاءٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَظِيمٌ
Эстегин (о, Мухаммад, ошондо) Муса коомуна мындай деди: «Аллаһтын силерге берген нээматтарын эстегиле: Ал силерди Фираун жана анын адамдарынан куткарды. Алар уул перзентиңерди союп, кыз перзентиңерди тирүү калтыруу менен башыңарга катуу азап салган. Ушунда Раббиңер тарабынан чоң сыноо бар эле
وَإِذْ تَأَذَّنَ رَبُّكُمْ لَئِنْ شَكَرْتُمْ لَأَزِيدَنَّكُمْ ۖ وَلَئِنْ كَفَرْتُمْ إِنَّ عَذَابِي لَشَدِيدٌ
«Дагы бир кезде Раббиңер силерге: «Эгер (Менин нээматыма) шүгүр кылсаңар силерди(н нээматты) көбөйтөмүн. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу»-деп жарыялаган
وَقَالَ مُوسَىٰ إِنْ تَكْفُرُوا أَنْتُمْ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا فَإِنَّ اللَّهَ لَغَنِيٌّ حَمِيدٌ
Жана Муса айтты: «Эгер силер жана (силерге кошулуп) жер жүзүнүн бардык жамааты капыр болсо да, Аллаһ Беймуктаж жана мактоого ылайык
أَلَمْ يَأْتِكُمْ نَبَأُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ قَوْمِ نُوحٍ وَعَادٍ وَثَمُودَ ۛ وَالَّذِينَ مِنْ بَعْدِهِمْ ۛ لَا يَعْلَمُهُمْ إِلَّا اللَّهُ ۚ جَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَرَدُّوا أَيْدِيَهُمْ فِي أَفْوَاهِهِمْ وَقَالُوا إِنَّا كَفَرْنَا بِمَا أُرْسِلْتُمْ بِهِ وَإِنَّا لَفِي شَكٍّ مِمَّا تَدْعُونَنَا إِلَيْهِ مُرِيبٍ
Силерге өзүңөрдөн мурункулардын: Нух коомунун, Аад, Самуд коомдорунун жана алардан кийинки коомдордун кабары келбедиби? Аларды Аллаһтан башка эч ким билбейт болчу. (Кийин Аллаһ алар жөнүндө кабар берди:) Аларга Пайгамбарлары анык далилдер алып келгенде, колдорун оозуна (керней кылып) коюушуп: «Биз силерге жиберилген динге каапыр болдук: Биз силер даават кылып жаткан нерселерден шектенүүдөбүз!» — дешти

Choose other languages: