Quran Apps in many lanuages:

Surah Ibrahim Ayahs #14 Translated in Kyrgyz

قَالَتْ رُسُلُهُمْ أَفِي اللَّهِ شَكٌّ فَاطِرِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ يَدْعُوكُمْ لِيَغْفِرَ لَكُمْ مِنْ ذُنُوبِكُمْ وَيُؤَخِّرَكُمْ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ۚ قَالُوا إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا تُرِيدُونَ أَنْ تَصُدُّونَا عَمَّا كَانَ يَعْبُدُ آبَاؤُنَا فَأْتُونَا بِسُلْطَانٍ مُبِينٍ
(Анда) пайгамбарлары: «Асмандар жана жерди жараткан Аллаһта шек бар бекен?! Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү убакытка чейин (ушул дүйнөдө) калтырууга чакырып жатат! дегенде, алар айтышты: «Силер пайгамбар эмес, биз сыяктуу эле (жөнөкөй) адамсыңар. (Дагы) бизди ата-бабаларыбыз сыйынып келген нерселерден тосууну каалап жатасыңар! (Эгер сөзүңөр чын болсо) бизге анык далилдерди (моожизаларды) келтиргиле!»
قَالَتْ لَهُمْ رُسُلُهُمْ إِنْ نَحْنُ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ يَمُنُّ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۖ وَمَا كَانَ لَنَا أَنْ نَأْتِيَكُمْ بِسُلْطَانٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ
«Аларга пайгамбарлары айтты: «(Туура). Биз деле силер сыяктуу адамбыз. Бирок, Аллаһ пенделеринен Өзү каалагандарына (мындай) нээмат берет. (Анан), силерге далил-моожизаларды келтириш биздин ыктыярда эмес. Аллаһ кааласа гана келтире алабыз. Момундар Аллаһка гана тобокел кылышат
وَمَا لَنَا أَلَّا نَتَوَكَّلَ عَلَى اللَّهِ وَقَدْ هَدَانَا سُبُلَنَا ۚ وَلَنَصْبِرَنَّ عَلَىٰ مَا آذَيْتُمُونَا ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُتَوَكِّلُونَ
Эмне үчүн биз Аллаһка тобокел кылбайт экенбиз?! Ал бизди (Өзү берген) Туура Жолубузга баштап койду. (Биз бул жолдон кайтпайбыз, эгер азап көрсөтсөңөр) азабыңарга бекем сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллаһка гана тобокел кылсын!»
وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِرُسُلِهِمْ لَنُخْرِجَنَّكُمْ مِنْ أَرْضِنَا أَوْ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَا ۖ فَأَوْحَىٰ إِلَيْهِمْ رَبُّهُمْ لَنُهْلِكَنَّ الظَّالِمِينَ
Каапыр болгондор пайгамбарларына: «Силерди жерибизден чыгарып жиберебиз, же болбосо, (ата-бабадан калган, эски) динибизге кайтасыңар! (Экөөнөн бирин тандагыла)»-дешти. Андан соң, Раббиси пайгамбарларга: «Биз сөзсүз заалымдарды (каапырларды) жок кылабыз
وَلَنُسْكِنَنَّكُمُ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِهِمْ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَافَ مَقَامِي وَخَافَ وَعِيدِ
жана алардан кийин (мурас калган) жерге силерди жашатып койобуз! Бул (убада Кыяматта) Биздин алдыбызда (эсеп берип) туруудан жана (күнөөлүүлөргө арнаган) убадаларымдан корккон адамдар үчүн» деп вахий (кабар) кылды

Choose other languages: