Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #14 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنَادَوْنَ لَمَقْتُ اللَّهِ أَكْبَرُ مِنْ مَقْتِكُمْ أَنْفُسَكُمْ إِذْ تُدْعَوْنَ إِلَى الْإِيمَانِ فَتَكْفُرُونَ
Чынында, каапыр адамдарга бийик добуш менен айтылат: «(Азыр) өзүңөрдү-өзүңөр жек көргөндөн, Аллаһтын жек көрүүсү улугураак! Бир кезде силерди ыйманга чакырылганда каапыр болдуңар
قَالُوا رَبَّنَا أَمَتَّنَا اثْنَتَيْنِ وَأَحْيَيْتَنَا اثْنَتَيْنِ فَاعْتَرَفْنَا بِذُنُوبِنَا فَهَلْ إِلَىٰ خُرُوجٍ مِنْ سَبِيلٍ
(Каапырлар) айтышты: «О, Рабби! Сен бизди эки ирет өлтүрүп, эки ирет тирилттиң!! Биз күнөөбүздү мойнубузга алабыз! (Бул тозоктон) чыгууга жол барбы?!» («Жол жок» деп айтылат аларга)
ذَٰلِكُمْ بِأَنَّهُ إِذَا دُعِيَ اللَّهُ وَحْدَهُ كَفَرْتُمْ ۖ وَإِنْ يُشْرَكْ بِهِ تُؤْمِنُوا ۚ فَالْحُكْمُ لِلَّهِ الْعَلِيِّ الْكَبِيرِ
«Мунун себеби, силерди Аллаһтын Өзүнө (эч нерсени шерик кошпой ибадат кылууга) чакырылганда каапыр болгонсуңар жана Ага шерик кошулса, (ошол жалган кудайга) ыйман келтиргенсиңер! (Бүгүн) өкүм эң Улук, эң Жогорку Аллаһка таандык!»
هُوَ الَّذِي يُرِيكُمْ آيَاتِهِ وَيُنَزِّلُ لَكُمْ مِنَ السَّمَاءِ رِزْقًا ۚ وَمَا يَتَذَكَّرُ إِلَّا مَنْ يُنِيبُ
(Эй, инсандар!) Ал силерге Өзүнүн (кудуретинин) белгилерин көргөзүп, силер үчүн асмандан ырыскы түшүргөн Зат. (Муну) Аллаһка кайткан адамдар гана эскеришет
فَادْعُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ
Эми, силер эгер каапырлар жаман көрсө да, (бардык) дин-ибадатты Аллаһка калыс багыттаган абалда гана дуба (ибадат) кылгыла

Choose other languages: