Quran Apps in many lanuages:

Surah Fussilat Ayahs #28 Translated in Kyrgyz

فَإِنْ يَصْبِرُوا فَالنَّارُ مَثْوًى لَهُمْ ۖ وَإِنْ يَسْتَعْتِبُوا فَمَا هُمْ مِنَ الْمُعْتَبِينَ
Эгер (азапка) чыдай алса, тозок-алардын жайы. Эгер (Дүйнөгө) кайтарууну сурашса кайтарылуучу болушпайт
وَقَيَّضْنَا لَهُمْ قُرَنَاءَ فَزَيَّنُوا لَهُمْ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَحَقَّ عَلَيْهِمُ الْقَوْلُ فِي أُمَمٍ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِمْ مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا خَاسِرِينَ
Биз аларга (Кураанды четке каккандан кийин жин-шайтандардан) «досторду» даярдап койгон элек. Анан алар (шайтандар) буларга алды-артындагы күнөөлөрдү кооздоп көргөзгөн. (Натыйжада) өздөрүнөн мурда өткөн (каапыр) инсандар жана жиндердин катарында алардын башына да сөз (азап) келиши акыйкат болуп калды. Чынында, алар зыян тартуучу болушту
وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَا تَسْمَعُوا لِهَٰذَا الْقُرْآنِ وَالْغَوْا فِيهِ لَعَلَّكُمْ تَغْلِبُونَ
Каапыр адамдар (бири-бирине): «Кураанды укпагыла! (Эгер капыстан угуп калсаңар) аны жеңип, жогору келишиңер үчүн маанисиз сөздөрдү сүйлөп таштагыла!»-дешти
فَلَنُذِيقَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا عَذَابًا شَدِيدًا وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَسْوَأَ الَّذِي كَانُوا يَعْمَلُونَ
Биз каапырларга сөзсүз катуу азап таттырабыз Жана өздөрү жасаган (жаман) иштен да жаманыраак жаза менен жазалайбыз
ذَٰلِكَ جَزَاءُ أَعْدَاءِ اللَّهِ النَّارُ ۖ لَهُمْ فِيهَا دَارُ الْخُلْدِ ۖ جَزَاءً بِمَا كَانُوا بِآيَاتِنَا يَجْحَدُونَ
Мынакей, Аллаһ душмандарынын жазасы — тозок! Биздин аяттарыбызды (мыскылдап) четке каккандарынын жазасына алар үчүн тозокто түбөлүк орундар бар

Choose other languages: