Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #45 Translated in Kyrgyz

وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ لَئِنْ جَاءَهُمْ نَذِيرٌ لَيَكُونُنَّ أَهْدَىٰ مِنْ إِحْدَى الْأُمَمِ ۖ فَلَمَّا جَاءَهُمْ نَذِيرٌ مَا زَادَهُمْ إِلَّا نُفُورًا
(Мушриктер) эгер өздөрүнө бир эскертүүчү-пайгамбар келсе, Туура Жолго ар кандай элдерден көбүрөөк эргешүүчү болуу жөнүндө катуу ант ичишкен. Ал эми, качан аларга эскертүүчү -пайгамбар (Мухаммад) келгенде (бул) алардын ( Туура Жолдон ) качууларын гана көбөйттү
اسْتِكْبَارًا فِي الْأَرْضِ وَمَكْرَ السَّيِّئِ ۚ وَلَا يَحِيقُ الْمَكْرُ السَّيِّئُ إِلَّا بِأَهْلِهِ ۚ فَهَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا سُنَّتَ الْأَوَّلِينَ ۚ فَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّتِ اللَّهِ تَبْدِيلًا ۖ وَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّتِ اللَّهِ تَحْوِيلًا
(Алар) жер бетинде текеберленген жана (пайгамбарга каршы) ыплас айла-амалдарды жасаган абалда (Туура Жолго жүрбөй коюшту). Ыплас айлакерликтер өз ээсине гана зыян жеткирет! Эми алар абалкылардын жолун! гана күтүп калышты. Сен Аллаһтын жолун (башкага) алмаштыра албайсың! Сен Аллаһтын жолун өзгөртө албайсың
أَوَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَكَانُوا أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةً ۚ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُعْجِزَهُ مِنْ شَيْءٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ ۚ إِنَّهُ كَانَ عَلِيمًا قَدِيرًا
Жер бетин кезип, мурункулардын акыбети эмне болгонун көрүшпөйбү!? Алар булардан да күчтүүрөөк болушкан. Бирок, Аллаһты асмандардагы жана жердеги эч нерсе алсыз кыла албайт! Албетте, Ал Билүүчү, Кудуреттүү
وَلَوْ يُؤَاخِذُ اللَّهُ النَّاسَ بِمَا كَسَبُوا مَا تَرَكَ عَلَىٰ ظَهْرِهَا مِنْ دَابَّةٍ وَلَٰكِنْ يُؤَخِّرُهُمْ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ۖ فَإِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِعِبَادِهِ بَصِيرًا
Эгер Аллаһ адамдарды кылмыштарына жараша (ушул эле дүйнөдө) жазалай берчү болсо, жер бетинде кыбыраган (адам) калтырмак эмес. Бирок, Аллаһ аларды белгилүү күнгө (Кыяматка) кечиктирүүдө. Ал эми, качан белгиленген күндөрү келгенде (Аллаһ Өзү эсептешип алат. Анткени,) Аллаһ пенделерин Көрүүчү

Choose other languages: