Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #37 Translated in Kyrgyz

جَنَّاتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ وَلُؤْلُؤًا ۖ وَلِبَاسُهُمْ فِيهَا حَرِيرٌ
Алар, өздөрү кире турган "Адн" бейиштерде алтын билериктерди, асыл таштарды тагынып жүрүшөт. Ал жерде алардын кийимдери жибектен
وَقَالُوا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَذْهَبَ عَنَّا الْحَزَنَ ۖ إِنَّ رَبَّنَا لَغَفُورٌ شَكُورٌ
Жана алар (Бейиште эс алып жүрүп): «Бизден кайгы-капаны арылткан Аллаһка мактоолор болсун! Чынында, Биздин Раббибиз Кечиримдүү (жана) Шүгүр кылуучу
الَّذِي أَحَلَّنَا دَارَ الْمُقَامَةِ مِنْ فَضْلِهِ لَا يَمَسُّنَا فِيهَا نَصَبٌ وَلَا يَمَسُّنَا فِيهَا لُغُوبٌ
Ал бизди Өзүнүн пазилети менен түбөлүк (жыргал) орундарга түшүрдү. Анда бизге машакат-кыйынчылык да жетпейт, чарчоо да кыйнабайт»- дешет
وَالَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ نَارُ جَهَنَّمَ لَا يُقْضَىٰ عَلَيْهِمْ فَيَمُوتُوا وَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ مِنْ عَذَابِهَا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِي كُلَّ كَفُورٍ
Ал эми, каапыр адамдар үчүн тозок оту(нда күйүү) бар. Аларга өлүм да берилбейт, өлүп (кутулуп) калгыдай. Алардан тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз ар бир каапырга мына ушундай жаза беребиз
وَهُمْ يَصْطَرِخُونَ فِيهَا رَبَّنَا أَخْرِجْنَا نَعْمَلْ صَالِحًا غَيْرَ الَّذِي كُنَّا نَعْمَلُ ۚ أَوَلَمْ نُعَمِّرْكُمْ مَا يَتَذَكَّرُ فِيهِ مَنْ تَذَكَّرَ وَجَاءَكُمُ النَّذِيرُ ۖ فَذُوقُوا فَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ نَصِيرٍ
Алар анда өкүрүп-кыйкырып: «О, Раббибиз! Бизди (бул азабыңан) чыгара көр! Эми, мурда жасабаган (сооп) амалдарды жасайбыз!» дешет. (Анан аларга мындай добуш угулат:) «Биз силерге эскерген адам эсине келгидей өмүр бербедик беле?! Жана силерге эскертүүчү-пайгамбар келди эле го! Эми, (азапты) тарта бергиле! Заалым (каапыр) адамдарга жардамчы жок!»

Choose other languages: