Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #74 Translated in Kyrgyz

وَوُفِّيَتْ كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَا يَفْعَلُونَ
Ар бир жанга өзүнүн жасаганы(на жарашасы) гана толук берилди. Ал алар жасаган иштерди эң жакшы Билүүчү
وَسِيقَ الَّذِينَ كَفَرُوا إِلَىٰ جَهَنَّمَ زُمَرًا ۖ حَتَّىٰ إِذَا جَاءُوهَا فُتِحَتْ أَبْوَابُهَا وَقَالَ لَهُمْ خَزَنَتُهَا أَلَمْ يَأْتِكُمْ رُسُلٌ مِنْكُمْ يَتْلُونَ عَلَيْكُمْ آيَاتِ رَبِّكُمْ وَيُنْذِرُونَكُمْ لِقَاءَ يَوْمِكُمْ هَٰذَا ۚ قَالُوا بَلَىٰ وَلَٰكِنْ حَقَّتْ كَلِمَةُ الْعَذَابِ عَلَى الْكَافِرِينَ
(Анан) каапыр болгон адамдар тобу менен тозокко айдалды. Качан ага келишкенде, эшиктери ачылып, тозок корукчулары «Силерге өзүңөрдүн араңардан, ушул күнүңөргө жолугууну эскерткен жана Раббиңердин аяттарын окуп берген пайгамбарлар келбеди беле?»-дешет. «Жок, келген - дешет алар - бирок, азап сөзү (өкү-мү) каапырларга акыйкат (жаза) болду»
قِيلَ ادْخُلُوا أَبْوَابَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۖ فَبِئْسَ مَثْوَى الْمُتَكَبِّرِينَ
(Аларга) айтылды: «Түбөлүк кала турган тозок эшиктерине киргиле! Текебер адамдардын орду кандай жаман
وَسِيقَ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ إِلَى الْجَنَّةِ زُمَرًا ۖ حَتَّىٰ إِذَا جَاءُوهَا وَفُتِحَتْ أَبْوَابُهَا وَقَالَ لَهُمْ خَزَنَتُهَا سَلَامٌ عَلَيْكُمْ طِبْتُمْ فَادْخُلُوهَا خَالِدِينَ
Ал эми, Раббисинен корккон (такыба) адамдар тобу менен Бейишке алып барылды. Качан Бейишке жетип, эшиктери ачылганда, анын корукчулары айтты: «Силерге (Аллаһтан) салам болсун! Кош келиңиздер! Эми Бейишке түбөлүк жашоочу болуп киргиле!»
وَقَالُوا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي صَدَقَنَا وَعْدَهُ وَأَوْرَثَنَا الْأَرْضَ نَتَبَوَّأُ مِنَ الْجَنَّةِ حَيْثُ نَشَاءُ ۖ فَنِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ
(Такыбалар) айтышты: «Убадасын чындап аткарган жана бизге ушул жерди (түбөлүк) мураска берген Аллаһка мактоолор болсун! Биз Бейиштен каалаган орундарга түшөбүз! (Жакшы) амал кылуучулардын сыйлыгы кандай сонун!»

Choose other languages: