Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #48 Translated in Kyrgyz

قُلْ لِلَّهِ الشَّفَاعَةُ جَمِيعًا ۖ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Айткын: «Бардык шапаат Аллаһка таандык. Асмандар менен жердин падышалыгы да Аныкы. Кийин бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар
وَإِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَحْدَهُ اشْمَأَزَّتْ قُلُوبُ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ ۖ وَإِذَا ذُكِرَ الَّذِينَ مِنْ دُونِهِ إِذَا هُمْ يَسْتَبْشِرُونَ
Эгер Жалгыз Аллаһ эскертилсе, Акыретке ыйман келтирбегендердин жүрөгү сыгылып калат. Ал эми Андан башка «кудайлары» эскертилсе, ошол замат сүйүнүп калышат
قُلِ اللَّهُمَّ فَاطِرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ عَالِمَ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ أَنْتَ تَحْكُمُ بَيْنَ عِبَادِكَ فِي مَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Аткын: «О, Аллаһым! Асмандар менен жердин Жаратуучусу! Кайып менен аныкты Билүүчү! Пенделериңдин арасындагы талашып жаткан нерселерде Өзүң гана өкүм кыласың!”
وَلَوْ أَنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لَافْتَدَوْا بِهِ مِنْ سُوءِ الْعَذَابِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ وَبَدَا لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مَا لَمْ يَكُونُوا يَحْتَسِبُونَ
Эгер заалым (каапыр) адамдардын колунда жер бетинин бүт байлыгы жана аны менен дагы ошончосу болсо да, аны Кыямат Күндөгү катуу азап барабарына (андан кутулуу үчүн) төлөп жиберишет. Жана Аллаһ тарабынан аларга, ойлоруна да келбеген (азаптуу) нерселер көрүнөт
وَبَدَا لَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Жана аларга жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы көрүнүп, аларды (дүйнө жашоосунда) мазактаган нерселери (тозок оту) ороп калат

Choose other languages: