Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #28 Translated in Kyrgyz

أَفَمَنْ يَتَّقِي بِوَجْهِهِ سُوءَ الْعَذَابِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ وَقِيلَ لِلظَّالِمِينَ ذُوقُوا مَا كُنْتُمْ تَكْسِبُونَ
Кыямат Күнү жаман азаптан бетин калкалаган адам (Аллаһ Хидаят берген адамга окшойбу?) (Ошол Күнү) заалымдарга «Өзүңөр жасаган (күнөө) иштерди (н азабын) таткыла!» деп айтылат
كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَأَتَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ
Алардан мурунку (каапыр) адамдар дагы (динди) жалганга чыгарышкан. Анан аларга өздөрү сезбеген тараптан азап келген
فَأَذَاقَهُمُ اللَّهُ الْخِزْيَ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ
Ошентип, Аллаһ аларга бул дүйнө жашоосунда кордук (азабын) таттырды. Ал эми, Акырет азабы эгер билишсе, (мындан да) катуураак
وَلَقَدْ ضَرَبْنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا الْقُرْآنِ مِنْ كُلِّ مَثَلٍ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Биз бул Кураанда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Кана эми (көбүрөөк Аллаһты) эстешсе
قُرْآنًا عَرَبِيًّا غَيْرَ ذِي عِوَجٍ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Араб тилиндеги Кураан шекилинде, эч бир катасы жок абалда (түшүрдүк) Кана эми, такыба кылышса

Choose other languages: