Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #20 Translated in Kyrgyz

لَهُمْ مِنْ فَوْقِهِمْ ظُلَلٌ مِنَ النَّارِ وَمِنْ تَحْتِهِمْ ظُلَلٌ ۚ ذَٰلِكَ يُخَوِّفُ اللَّهُ بِهِ عِبَادَهُ ۚ يَا عِبَادِ فَاتَّقُونِ
Алар үчүн (Кыяматта) үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу «көлөкөлөр» бар. Аллаһ Өз пенделерин ушу менен коркутат. О, пенделерим! Менден гана корккула
وَالَّذِينَ اجْتَنَبُوا الطَّاغُوتَ أَنْ يَعْبُدُوهَا وَأَنَابُوا إِلَى اللَّهِ لَهُمُ الْبُشْرَىٰ ۚ فَبَشِّرْ عِبَادِ
Ал эми, Тагутка! ибадат кылбай, Аллаһтын Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер
الَّذِينَ يَسْتَمِعُونَ الْقَوْلَ فَيَتَّبِعُونَ أَحْسَنَهُ ۚ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ هَدَاهُمُ اللَّهُ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمْ أُولُو الْأَلْبَابِ
Алар сөздү угуп эң мыктысын? ээрчишет. Алар — Аллаһ Туура Жолго баштаган кишилер. Ошолор гана акылдуу кишилер
أَفَمَنْ حَقَّ عَلَيْهِ كَلِمَةُ الْعَذَابِ أَفَأَنْتَ تُنْقِذُ مَنْ فِي النَّارِ
(О, Мухаммад!) азап сөзү акыйкат болуп (тагдырына жазылып) калган адамды (сен Туура Жолго баштай алар белең?!) Сен тозоктогу адамды куткарып кала алар белең
لَٰكِنِ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ لَهُمْ غُرَفٌ مِنْ فَوْقِهَا غُرَفٌ مَبْنِيَّةٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ وَعْدَ اللَّهِ ۖ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ الْمِيعَادَ
А, бирок, Раббилеринен такыба кылган адамдарга (Бейиште) кабат-кабат курулган бөлмөлөр бар, алардын түбүнөн дарыялар агып турат. (Бул) Аллаһтын убадасы. Аллаһ убадасына кыянат кылбайт

Choose other languages: