Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

فَاعْبُدُوا مَا شِئْتُمْ مِنْ دُونِهِ ۗ قُلْ إِنَّ الْخَاسِرِينَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ أَلَا ذَٰلِكَ هُوَ الْخُسْرَانُ الْمُبِينُ
(Эй, мушриктер!) Силер дагы Өзүнөн башка каалаган «кудайыңарга» ибадат кыла бергиле» Айт: «Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар! Көңүл бургула: Анык зыян тартуу - ушул
لَهُمْ مِنْ فَوْقِهِمْ ظُلَلٌ مِنَ النَّارِ وَمِنْ تَحْتِهِمْ ظُلَلٌ ۚ ذَٰلِكَ يُخَوِّفُ اللَّهُ بِهِ عِبَادَهُ ۚ يَا عِبَادِ فَاتَّقُونِ
Алар үчүн (Кыяматта) үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу «көлөкөлөр» бар. Аллаһ Өз пенделерин ушу менен коркутат. О, пенделерим! Менден гана корккула
وَالَّذِينَ اجْتَنَبُوا الطَّاغُوتَ أَنْ يَعْبُدُوهَا وَأَنَابُوا إِلَى اللَّهِ لَهُمُ الْبُشْرَىٰ ۚ فَبَشِّرْ عِبَادِ
Ал эми, Тагутка! ибадат кылбай, Аллаһтын Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер
الَّذِينَ يَسْتَمِعُونَ الْقَوْلَ فَيَتَّبِعُونَ أَحْسَنَهُ ۚ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ هَدَاهُمُ اللَّهُ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمْ أُولُو الْأَلْبَابِ
Алар сөздү угуп эң мыктысын? ээрчишет. Алар — Аллаһ Туура Жолго баштаган кишилер. Ошолор гана акылдуу кишилер
أَفَمَنْ حَقَّ عَلَيْهِ كَلِمَةُ الْعَذَابِ أَفَأَنْتَ تُنْقِذُ مَنْ فِي النَّارِ
(О, Мухаммад!) азап сөзү акыйкат болуп (тагдырына жазылып) калган адамды (сен Туура Жолго баштай алар белең?!) Сен тозоктогу адамды куткарып кала алар белең

Choose other languages: