Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #65 Translated in Kyrgyz

وَمِنْهُمُ الَّذِينَ يُؤْذُونَ النَّبِيَّ وَيَقُولُونَ هُوَ أُذُنٌ ۚ قُلْ أُذُنُ خَيْرٍ لَكُمْ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَيُؤْمِنُ لِلْمُؤْمِنِينَ وَرَحْمَةٌ لِلَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ ۚ وَالَّذِينَ يُؤْذُونَ رَسُولَ اللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Алардын арасында пайгамбардын көңүлүн ооруткандар бар. Алар (пайгамбарды, уруксат сурап, алдаганда “ишенип калганы” үчүн) “ал — кулак” дешет. Айткын: “Ал силерге “жакшы кулак”. Ал Аллаһка, момундарга ишенет жана силердин араңардагы ыймандуу адамдар үчүн (Аллаһтан жиберилген) ырайым” Аллаһтын пайгамбарынын көңүлүн ооруткан адамдарга жан ооруткан азап бар
يَحْلِفُونَ بِاللَّهِ لَكُمْ لِيُرْضُوكُمْ وَاللَّهُ وَرَسُولُهُ أَحَقُّ أَنْ يُرْضُوهُ إِنْ كَانُوا مُؤْمِنِينَ
Алар силерди (о, момундар,) ыраазы кылуу үчүн, Аллаһты ортого салып (“пайгамбардын көңүлүн оорутканым жок” деп) ант ичишет. Эгер алар момун болушса, (силерди койо туруп) Аллаһ менен пайгамбарын ыраазы кылуулары көбүрөөк акыйкат эмес беле
أَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّهُ مَنْ يُحَادِدِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَأَنَّ لَهُ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدًا فِيهَا ۚ ذَٰلِكَ الْخِزْيُ الْعَظِيمُ
Же, кимде-ким Аллаһ менен пайгамбарына каршы чыкса, ага түбөлүк Тозок оту болушун жана бул чоң шерменделик экенин алар билбейт беле
يَحْذَرُ الْمُنَافِقُونَ أَنْ تُنَزَّلَ عَلَيْهِمْ سُورَةٌ تُنَبِّئُهُمْ بِمَا فِي قُلُوبِهِمْ ۚ قُلِ اسْتَهْزِئُوا إِنَّ اللَّهَ مُخْرِجٌ مَا تَحْذَرُونَ
Мунафыктар өздөрү жөнүндө, жүрөктөрүнө катылган эки жүздүүлүктөрүн ачып таштай турган бир сүрө түшүп калуусунан коркушат.! Айт: «Күлгүлө, эми! Аллаһ силер корккон нерсени (жүзөгө) чыгарды го!»
وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ لَيَقُولُنَّ إِنَّمَا كُنَّا نَخُوضُ وَنَلْعَبُ ۚ قُلْ أَبِاللَّهِ وَآيَاتِهِ وَرَسُولِهِ كُنْتُمْ تَسْتَهْزِئُونَ
Эгер алардан (ошол жөнүндө) сурасаң: “Биз жөн эле, ойноп эле сүйлөгөн болчубуз” - дешет. Айткын: “Силер Аллаһтын, Анын аяттарынын Жана пайгамбарынын үстүнөн күлө турган болуп калдыңарбы?!”

Choose other languages: