Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

9:4
إِلَّا الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ مِنَ الْمُشْرِكِينَ ثُمَّ لَمْ يَنْقُصُوكُمْ شَيْئًا وَلَمْ يُظَاهِرُوا عَلَيْكُمْ أَحَدًا فَأَتِمُّوا إِلَيْهِمْ عَهْدَهُمْ إِلَىٰ مُدَّتِهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ
Ал эми, силер келишим түзгөн мушриктер (милдеттенмелерден) эч нерсени бузбаса жана силер-дин эч бир душманыңарга жардам бербесе, анда алардын келишимдерин өз мөөнөтүнө чейин толук сактагыла. Албетте, Аллаһ такыба кишилерди сүйөт
9:5
فَإِذَا انْسَلَخَ الْأَشْهُرُ الْحُرُمُ فَاقْتُلُوا الْمُشْرِكِينَ حَيْثُ وَجَدْتُمُوهُمْ وَخُذُوهُمْ وَاحْصُرُوهُمْ وَاقْعُدُوا لَهُمْ كُلَّ مَرْصَدٍ ۚ فَإِنْ تَابُوا وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ فَخَلُّوا سَبِيلَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Эми, качан “Аль-Хурум” айлары (мушриктер менен согушууга тыюуу салынган төрт ай) чыгаары менен, мушриктерди тапкан жериңерде өлтүргүлө!, туткундагыла, курчоого алгыла жана (алардын) ар бир жолдорунда (сазайын берүү үчүн) күтүп олтургула! Эгерде тооба кылып, намаз окуп, зекет беришсе (мусулман болушса) жолдоруна тоскоол болбогула. Чынында, Аллаһ — Кечирүүчү, Ырайымдуу
9:6
وَإِنْ أَحَدٌ مِنَ الْمُشْرِكِينَ اسْتَجَارَكَ فَأَجِرْهُ حَتَّىٰ يَسْمَعَ كَلَامَ اللَّهِ ثُمَّ أَبْلِغْهُ مَأْمَنَهُ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْلَمُونَ
Эгер мушриктердин бири сенден (Аллаһтын сөзүн угуп, Ислам менен таанышуу үчүн) коргоо-кепилдик сураса, аны — Аллаһтын Сөзүн укканга чейин — өз кепилдигиңе ал. Андан соң аны өзүнүн тынч мекенине жеткирип кой. Бул (өкүм) алардын билимсиз коом болгону (жана Исламды таанып-билип алуусуна шарт жаратып берүү) үчүн
9:7
كَيْفَ يَكُونُ لِلْمُشْرِكِينَ عَهْدٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعِنْدَ رَسُولِهِ إِلَّا الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ عِنْدَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۖ فَمَا اسْتَقَامُوا لَكُمْ فَاسْتَقِيمُوا لَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ
(Алэми, убадасын сактабаган) мушриктерге кантип, Аллаһ жана Анын пайгамбары тарабынан убада болсун?! Эми, Масжид аль-Харамдын астында убадалашкан кишилер үчүн гана (ошол Ыйык Үйдүн урматына убадаңарды сактагыла) Качан силер үчүн (берген келишиминде) түз турушса, силер дагы түз тургула. Албетте, Аллаһ (Өзүнөн) корккон (такыба) адамдарды сүйөт
9:8
كَيْفَ وَإِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لَا يَرْقُبُوا فِيكُمْ إِلًّا وَلَا ذِمَّةً ۚ يُرْضُونَكُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ وَتَأْبَىٰ قُلُوبُهُمْ وَأَكْثَرُهُمْ فَاسِقُونَ
Кантип (алар үчүн убада сактоо болсун?!) Чынында, алар эгер силерден үстөм-жогору болушса, силер жөнүндөгү (өз моюндарына алган) убадага да, милдентенмеге да карашпайт. Ооздору менен силерди ыраазы кылса да, (берген анттарына) жүрөктөрү көнбөй турат. Жана алардын көпчүлүгү бузукулар

Choose other languages: