Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

وَيُذْهِبْ غَيْظَ قُلُوبِهِمْ ۗ وَيَتُوبُ اللَّهُ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Жана жүрөктөрүнүн ачуусун кетирет (өч алуу көксөөсүн кандырат).! Жана Аллаһ алардан каалагандарынын тообасын кабыл алат. Аллаһ Билүүчү, Даанышман
أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تُتْرَكُوا وَلَمَّا يَعْلَمِ اللَّهُ الَّذِينَ جَاهَدُوا مِنْكُمْ وَلَمْ يَتَّخِذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلَا رَسُولِهِ وَلَا الْمُؤْمِنِينَ وَلِيجَةً ۚ وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
Же болбосо, (о, ыймандуу пенделер!) Аллаһ силердин араңардан жихад кылгандар менен Аллаһтан, Анын пайгамбарынан жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды билип алмайынча (согуш менен сыналбай) жөн калабыз деп ойлойсуңарбы?! Аллаһ силердин бардык ишиңерден кабардар
مَا كَانَ لِلْمُشْرِكِينَ أَنْ يَعْمُرُوا مَسَاجِدَ اللَّهِ شَاهِدِينَ عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ بِالْكُفْرِ ۚ أُولَٰئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ وَفِي النَّارِ هُمْ خَالِدُونَ
Өз каапырчылыктарына өздөрү күбө болуп турган абалда, мушриктер Аллаһтын мечиттерин (ибадат менен) абат кылып жиберүүлөрү эч мүмкүн эмес! (Себеби) Алардын амал-ибадаттары (ширк кылганы себептүү) “күйүп” кеткен. Жана алар Тозокто түбөлүк калуучулар
إِنَّمَا يَعْمُرُ مَسَاجِدَ اللَّهِ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَأَقَامَ الصَّلَاةَ وَآتَى الزَّكَاةَ وَلَمْ يَخْشَ إِلَّا اللَّهَ ۖ فَعَسَىٰ أُولَٰئِكَ أَنْ يَكُونُوا مِنَ الْمُهْتَدِينَ
Чынында, Аллаһтын мечиттерин, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллаһтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар Туура Жол табуучулардан болсо ажеп эмес
أَجَعَلْتُمْ سِقَايَةَ الْحَاجِّ وَعِمَارَةَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ كَمَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَجَاهَدَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۚ لَا يَسْتَوُونَ عِنْدَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Эмне, силер ажыларды сугаруу менен Масжид аль-Харамды оңдоону, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенген жана Аллаһ жолунда жихад кылган момундарга (алардын ыйманына) теңеп жатасыңарбы? Алар Аллаһтын назарында (ыйман менен жихадка чыккандарга эч качан) тең боло алышпайт! Аллаһ заалым коомду Туура Жолго баштабайт

Choose other languages: