Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #21 Translated in Kyrgyz

مَا كَانَ لِلْمُشْرِكِينَ أَنْ يَعْمُرُوا مَسَاجِدَ اللَّهِ شَاهِدِينَ عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ بِالْكُفْرِ ۚ أُولَٰئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ وَفِي النَّارِ هُمْ خَالِدُونَ
Өз каапырчылыктарына өздөрү күбө болуп турган абалда, мушриктер Аллаһтын мечиттерин (ибадат менен) абат кылып жиберүүлөрү эч мүмкүн эмес! (Себеби) Алардын амал-ибадаттары (ширк кылганы себептүү) “күйүп” кеткен. Жана алар Тозокто түбөлүк калуучулар
إِنَّمَا يَعْمُرُ مَسَاجِدَ اللَّهِ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَأَقَامَ الصَّلَاةَ وَآتَى الزَّكَاةَ وَلَمْ يَخْشَ إِلَّا اللَّهَ ۖ فَعَسَىٰ أُولَٰئِكَ أَنْ يَكُونُوا مِنَ الْمُهْتَدِينَ
Чынында, Аллаһтын мечиттерин, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллаһтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар Туура Жол табуучулардан болсо ажеп эмес
أَجَعَلْتُمْ سِقَايَةَ الْحَاجِّ وَعِمَارَةَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ كَمَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَجَاهَدَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۚ لَا يَسْتَوُونَ عِنْدَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Эмне, силер ажыларды сугаруу менен Масжид аль-Харамды оңдоону, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенген жана Аллаһ жолунда жихад кылган момундарга (алардын ыйманына) теңеп жатасыңарбы? Алар Аллаһтын назарында (ыйман менен жихадка чыккандарга эч качан) тең боло алышпайт! Аллаһ заалым коомду Туура Жолго баштабайт
الَّذِينَ آمَنُوا وَهَاجَرُوا وَجَاهَدُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ أَعْظَمُ دَرَجَةً عِنْدَ اللَّهِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَائِزُونَ
Ыйман келтирген, хижрат кылган жана Аллаһтын жолунда мал-жандарын аябай жихад кылган адамдардын даражасы Аллаһтын алдында көп эсе жогору. Ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр
يُبَشِّرُهُمْ رَبُّهُمْ بِرَحْمَةٍ مِنْهُ وَرِضْوَانٍ وَجَنَّاتٍ لَهُمْ فِيهَا نَعِيمٌ مُقِيمٌ
Раббиси аларды Өзүнүн ырайымы, ыраазычылыгы жана түгөнгүс нээматтар болгон Бейиштер менен сүйүнтөт

Choose other languages: