Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #110 Translated in Kyrgyz

وَآخَرُونَ مُرْجَوْنَ لِأَمْرِ اللَّهِ إِمَّا يُعَذِّبُهُمْ وَإِمَّا يَتُوبُ عَلَيْهِمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Дагы башкалар (мунафык эмес, бирок согуштан себепсиз калгандар) бар. Алар Аллаһтын өкүмүнө: же жазалоосуна же тообаларын кабыл алуусуна калтырылгандар. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман
وَالَّذِينَ اتَّخَذُوا مَسْجِدًا ضِرَارًا وَكُفْرًا وَتَفْرِيقًا بَيْنَ الْمُؤْمِنِينَ وَإِرْصَادًا لِمَنْ حَارَبَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ مِنْ قَبْلُ ۚ وَلَيَحْلِفُنَّ إِنْ أَرَدْنَا إِلَّا الْحُسْنَىٰ ۖ وَاللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ
Дагы ушундай кишилер бар, алар (Исламга) зыян жеткирүү үчүн, каапырчылык(ты күчөтүү) үчүн, момундардын арасын бөлүп-жаруу үчүн жана да мындан (бир аз) мурун Аллаһ жана Анын пайгамбарына каршы күрөшкөн адамга жардам берүү үчүн мечит курушту! жана “биз жакшылыкты (ал мечитте кедейлерге кайрымдуулук көргөзүүнү) ниет кылган элек” деп ант ичишти. Аллаһ алардын жалганчы экенине күбөлүк берет
لَا تَقُمْ فِيهِ أَبَدًا ۚ لَمَسْجِدٌ أُسِّسَ عَلَى التَّقْوَىٰ مِنْ أَوَّلِ يَوْمٍ أَحَقُّ أَنْ تَقُومَ فِيهِ ۚ فِيهِ رِجَالٌ يُحِبُّونَ أَنْ يَتَطَهَّرُوا ۚ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُطَّهِّرِينَ
Сен (о, Мухаммад) ал мечитте (эч качан намазга) турбагын. Эң абалкы (өзүң келген) күндөн эле такыбалыктын үстүнө курулган (Кубаадагы) мечит сен анда турууга ылайыгыраак. Анда (денесин жана рухун) тазартууну сүйгөн адамдар бар. Аллаһ таза-пакиза адамдарды сүйөт
أَفَمَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَىٰ تَقْوَىٰ مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانٍ خَيْرٌ أَمْ مَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَىٰ شَفَا جُرُفٍ هَارٍ فَانْهَارَ بِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Ким жакшыраак? Өзүнүн имаратын Аллаһтан коркуунун жана ыраазычылыгынын үстүнө курган адамбы, же болбосо, кулап-көчүп бараткан жардын кырына куруп, анысы менен бирге өзү да Тозок отуна кулаган адамбы?! Аллаһ заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт
لَا يَزَالُ بُنْيَانُهُمُ الَّذِي بَنَوْا رِيبَةً فِي قُلُوبِهِمْ إِلَّا أَنْ تَقَطَّعَ قُلُوبُهُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Алардын (мунафыктардын) “курулуш-(имарат)тары” тээ жүрөктөрү (бушайман-тообадан) барчаланып кеткенге чейин жүрөктөрүндө шек-күмөн болуп кала берет.! Аллаһ — Билүүчү, Даанышман

Choose other languages: