Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #19 Translated in Kyrgyz

فَلِذَٰلِكَ فَادْعُ ۖ وَاسْتَقِمْ كَمَا أُمِرْتَ ۖ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ ۖ وَقُلْ آمَنْتُ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ مِنْ كِتَابٍ ۖ وَأُمِرْتُ لِأَعْدِلَ بَيْنَكُمُ ۖ اللَّهُ رَبُّنَا وَرَبُّكُمْ ۖ لَنَا أَعْمَالُنَا وَلَكُمْ أَعْمَالُكُمْ ۖ لَا حُجَّةَ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمُ ۖ اللَّهُ يَجْمَعُ بَيْنَنَا ۖ وَإِلَيْهِ الْمَصِيرُ
Ошондуктан, эми сен (үммөтүңө бекем) даават кыл, өзүңө буюрулгандай түз бол жана алар (каапырлар, мунафыктыр) каалаган жолдорду ээрчибе! Сен: «Аллаһ түшүргөн (ар бир) китепке ыйман келтирдим жана силердин араңарда адилет кылууга буюрулдум. Аллаһ менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Бизге өз амал-ибадаттарыбыз, силерге да өз амал- ибадатыңар. Биз менен силердин араңарда (айтылбаган) далил калбады. Аллаһ биздин арабызды (Кыяматта) чогултат. Кайтуу Анын Өзүнө»- дегин
وَالَّذِينَ يُحَاجُّونَ فِي اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مَا اسْتُجِيبَ لَهُ حُجَّتُهُمْ دَاحِضَةٌ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَعَلَيْهِمْ غَضَبٌ وَلَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ
Аллаһтын динине (оң) жооп берилгенден (чындыгы тастыкталгандан) кийин (дагы эле) Аллаһ жөнүндө далилдешип (талашып-тартышып)? жүргөн адамдардын далилдери Раббисинин алдында жалган. Аларга (Аллаһ тарабынан) каар-казап жана катуу азап бар
اللَّهُ الَّذِي أَنْزَلَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ وَالْمِيزَانَ ۗ وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّ السَّاعَةَ قَرِيبٌ
Аллаһ Китепти жана Адилеттикти акыйкаттык менен түшүргөн. (О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, Кыямат жакын болсо ажеп эмес
يَسْتَعْجِلُ بِهَا الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِهَا ۖ وَالَّذِينَ آمَنُوا مُشْفِقُونَ مِنْهَا وَيَعْلَمُونَ أَنَّهَا الْحَقُّ ۗ أَلَا إِنَّ الَّذِينَ يُمَارُونَ فِي السَّاعَةِ لَفِي ضَلَالٍ بَعِيدٍ
Кыяматка ишенбеген каапырлар аны(н келишин) шаштырышат. Ыймандуулар болсо, андан коркушат жана анын Акыйкат экенин билишет. Көңүл бургула, чынында Кыяматтан шектенгендер катуу адашууда
اللَّهُ لَطِيفٌ بِعِبَادِهِ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ ۖ وَهُوَ الْقَوِيُّ الْعَزِيزُ
Аллаһ пенделерине Боорукер. Каалаган пендесине ырыскы берет. Ал Кубаттуу, Кудуреттүү

Choose other languages: