Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Sajda Ayahs #28 Translated in Kyrgyz

وَجَعَلْنَا مِنْهُمْ أَئِمَّةً يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا لَمَّا صَبَرُوا ۖ وَكَانُوا بِآيَاتِنَا يُوقِنُونَ
Жана Биз Исрайил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, Туура Жолго баштаган жолбашчы-имамдарды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَفْصِلُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Албетте, Сенин Раббиң, Кыямат Күндө алар талашкан маселелерде, алардын арасында Бир Өзү ажырым кылып берет
أَوَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا مِنْ قَبْلِهِمْ مِنَ الْقُرُونِ يَمْشُونَ فِي مَسَاكِنِهِمْ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ ۖ أَفَلَا يَسْمَعُونَ
Аларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды Туура Жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллаһтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллаһтын аяттарына) кулак салышпайбы
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا نَسُوقُ الْمَاءَ إِلَى الْأَرْضِ الْجُرُزِ فَنُخْرِجُ بِهِ زَرْعًا تَأْكُلُ مِنْهُ أَنْعَامُهُمْ وَأَنْفُسُهُمْ ۖ أَفَلَا يُبْصِرُونَ
Алар ойлонушпайбы, Биз суусаган жерге суу айдап, аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Кудуретибизди) көрүшпөйбү
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْفَتْحُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Жана (момундарга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш! (Кыямат) качан болот?»-дешет

Choose other languages: