Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Sajda Ayahs #13 Translated in Kyrgyz

ثُمَّ سَوَّاهُ وَنَفَخَ فِيهِ مِنْ رُوحِهِ ۖ وَجَعَلَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ ۚ قَلِيلًا مَا تَشْكُرُونَ
Кийинаны (кадыресе адам кейипинде) ырастап-келиштирди жана ага Өзүнүн Рухунан үйлөдү.! Жана (Аллаһ) силерге кулактарды, көздөрдү жана жүрөктөрдү жаратты. Аз шүгүр кылып жатасыңар
وَقَالُوا أَإِذَا ضَلَلْنَا فِي الْأَرْضِ أَإِنَّا لَفِي خَلْقٍ جَدِيدٍ ۚ بَلْ هُمْ بِلِقَاءِ رَبِّهِمْ كَافِرُونَ
(Мушриктер) айтышат: «Эгер биз жерде (чирип) жок болуп кетсек да жаңыдан жаратылат бекенбиз?!» Жок! Алар Раббилерине жолугууга ишенишпейт
قُلْ يَتَوَفَّاكُمْ مَلَكُ الْمَوْتِ الَّذِي وُكِّلَ بِكُمْ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ تُرْجَعُونَ
Сен айткын: «Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси? жаныңарды алат. Кийин (Кыяматта кайра тирилип) Раббиңерге кайтарыласыңар»
وَلَوْ تَرَىٰ إِذِ الْمُجْرِمُونَ نَاكِسُو رُءُوسِهِمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ رَبَّنَا أَبْصَرْنَا وَسَمِعْنَا فَارْجِعْنَا نَعْمَلْ صَالِحًا إِنَّا مُوقِنُونَ
(О, Мухаммад!) Эгер сен күнөөкөр (каапыр) адамдарды, Раббилеринин алдында баштарын шылкыйтып: «О, Рабби! (Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн бар экенин) көрдүк, уктук. Эми бизди артка кайтар, анык ишенүүчү болгон абалда салих амал кылабыз» дегенин бир көрсөң эле
وَلَوْ شِئْنَا لَآتَيْنَا كُلَّ نَفْسٍ هُدَاهَا وَلَٰكِنْ حَقَّ الْقَوْلُ مِنِّي لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ الْجِنَّةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ
Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (Туура Жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!»-деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган

Choose other languages: