Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Sajda Ayahs #16 Translated in Kyrgyz

وَلَوْ تَرَىٰ إِذِ الْمُجْرِمُونَ نَاكِسُو رُءُوسِهِمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ رَبَّنَا أَبْصَرْنَا وَسَمِعْنَا فَارْجِعْنَا نَعْمَلْ صَالِحًا إِنَّا مُوقِنُونَ
(О, Мухаммад!) Эгер сен күнөөкөр (каапыр) адамдарды, Раббилеринин алдында баштарын шылкыйтып: «О, Рабби! (Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн бар экенин) көрдүк, уктук. Эми бизди артка кайтар, анык ишенүүчү болгон абалда салих амал кылабыз» дегенин бир көрсөң эле
وَلَوْ شِئْنَا لَآتَيْنَا كُلَّ نَفْسٍ هُدَاهَا وَلَٰكِنْ حَقَّ الْقَوْلُ مِنِّي لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ الْجِنَّةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ
Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (Туура Жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!»-деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган
فَذُوقُوا بِمَا نَسِيتُمْ لِقَاءَ يَوْمِكُمْ هَٰذَا إِنَّا نَسِينَاكُمْ ۖ وَذُوقُوا عَذَابَ الْخُلْدِ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
(Тозокко ташталып жаткан мушриктерге:) «Эми, ушул күнүңөрдөгү жолугушууну унут-каныңар себептүү (азап) тарткыла! Биз да силерди «унуттук». Жана кылмышыңарга жараша түбөлүк азапты тарткыла!»-(деп айтылат)
إِنَّمَا يُؤْمِنُ بِآيَاتِنَا الَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُوا بِهَا خَرُّوا سُجَّدًا وَسَبَّحُوا بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ ۩
Чынында, Биздин аяттарыбызга, аларды эскертилгенде сажда кылган абалда жыгылган жана текеберленбей Раббисине мактоолор айткан адамдар ыйман келтиришет
تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمْ عَنِ الْمَضَاجِعِ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ خَوْفًا وَطَمَعًا وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака кылышат

Choose other languages: