Quran Apps in many lanuages:

Surah Ar-Rad Ayahs #27 Translated in Kyrgyz

جَنَّاتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا وَمَنْ صَلَحَ مِنْ آبَائِهِمْ وَأَزْوَاجِهِمْ وَذُرِّيَّاتِهِمْ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ يَدْخُلُونَ عَلَيْهِمْ مِنْ كُلِّ بَابٍ
«Адн» бейиштери бар. Бейиштерге алар аталары, жуп-түгөйлөгү жана урпактарынан турган салих-жакшы адамдар менен бирге киришет (Анан) аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип
سَلَامٌ عَلَيْكُمْ بِمَا صَبَرْتُمْ ۚ فَنِعْمَ عُقْبَى الدَّارِ
«Сабыр кылганыңар себептүү силерге Аллаһтын саламы болсун! Акырет Үйү (Бейиш) кандай жакшы!»- дешет
وَالَّذِينَ يَنْقُضُونَ عَهْدَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مِيثَاقِهِ وَيَقْطَعُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ ۙ أُولَٰئِكَ لَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ
Ал эми, (Аллаһ менен) убадалашкандан кийин Аллаһтын убадаларына кыянат кылгандар, Аллаһ улаганга буюрган мамилелерди үзгөндөр жана жер бетинде бузукулук кылгандарга.., наалат болсун! Жана аларга жаман орун — (тозок) болсун
اللَّهُ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ وَفَرِحُوا بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا مَتَاعٌ
Аллаһ Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен, (каалаганына) тар кылып койот. Ал эми, (каапырлар, Аллаһ кенен ырыскы берип койсо) дүйнө жашоосу менен сүйүнүп (Акыретти ойлобой) жүрө беришет. Дүйнө жашоосу Акыреттин алдында (арзыбаган) пайдадан башка эмес
وَيَقُولُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ ۗ قُلْ إِنَّ اللَّهَ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي إِلَيْهِ مَنْ أَنَابَ
Каапырлар: «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көрүнгөн, билинген) моожиза келсе (ыйман келтирмекпиз)!» дешет. Сен айткын: «Аллаһ каалаган пендесин адаштырып, Өзүнө умтулган адамдарды Өзүнө багыттап койот

Choose other languages: