Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #79 Translated in Kyrgyz

وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ وَلِيًّا وَاجْعَلْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ نَصِيرًا
(О, мусулмандар!) Силерге эмне болду? Аллаһтын жолунда жана (душмандын зулумунан) бечара болуп (айласыз абалда) калган эркектер, аялдар жана бөбөктөрдүн ( азаттыгы) жолунда согушпай жатасыңар?! Алар: “О, Рабби! Бизди мына бул элдери (кожоюну) заалым болгон шаардан (аман-эсен) чыгарып жибер! Жана бизге Өзүңдүн алдыңдан бир (куткаруучу) досту жана жардамчыны жибер?!” - деп зар какшап жатышат го
الَّذِينَ آمَنُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ الطَّاغُوتِ فَقَاتِلُوا أَوْلِيَاءَ الشَّيْطَانِ ۖ إِنَّ كَيْدَ الشَّيْطَانِ كَانَ ضَعِيفًا
Ыймандуу адамдар Аллаһтын жолунда согушушат. Каапыр адамдар таагуттун (шайтандын) жолунда согушушат. Силер (о, момундар) шайтандын тарапкерлерине каршы согушкула. Албетте, шайтандын айласы (ар качан) алсыз
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ قِيلَ لَهُمْ كُفُّوا أَيْدِيَكُمْ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقِتَالُ إِذَا فَرِيقٌ مِنْهُمْ يَخْشَوْنَ النَّاسَ كَخَشْيَةِ اللَّهِ أَوْ أَشَدَّ خَشْيَةً ۚ وَقَالُوا رَبَّنَا لِمَ كَتَبْتَ عَلَيْنَا الْقِتَالَ لَوْلَا أَخَّرْتَنَا إِلَىٰ أَجَلٍ قَرِيبٍ ۗ قُلْ مَتَاعُ الدُّنْيَا قَلِيلٌ وَالْآخِرَةُ خَيْرٌ لِمَنِ اتَّقَىٰ وَلَا تُظْلَمُونَ فَتِيلًا
(О, Мухаммад!) Тиги кишилерди(н коркоктугун) карабайсыңбы? Аларга (Маккада) “Согуштан колуңарды тыйгыла, намазыңарды окуп, зекетти берип (тынч) жүргүлө” - деп айтылганда (“Бул өкүмгө кошумча жихад кылууга да буйрук болсо экен. Аллаһтын душмандарынан бир өчүбүздү алсак экен” деп, жихадды сагынып жүрүшкөн. Кийин) аларга (мушриктерге каршы) согуш парыз кылынган кезде, капыстан алардын арасындагы бир жамаат, адамдардан (мушриктерден) Аллаһтан корккондой жана андан да катуурак коркуп кетишти жана: “О, Раббибиз! Эмнеге согушту парыз кылдың экен? Бизге (согушту) жакынкы мөөнөттөргө чейин кечиктире турсаң болбойт беле?” - дешти. Сен аларга: “Дүйнө пайдалары аз гана. Такыба кишилер үчүн Акырет жакшы жана силерге (ал жерде) данектин чел кабыгынча да зулумдук кылынбайт” - деп айткын
أَيْنَمَا تَكُونُوا يُدْرِكْكُمُ الْمَوْتُ وَلَوْ كُنْتُمْ فِي بُرُوجٍ مُشَيَّدَةٍ ۗ وَإِنْ تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌ يَقُولُوا هَٰذِهِ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۖ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَقُولُوا هَٰذِهِ مِنْ عِنْدِكَ ۚ قُلْ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۖ فَمَالِ هَٰؤُلَاءِ الْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثًا
Кай жерде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Жадагалса (дубалдары) бекемделген сарайларда болсоңор да. Эгер (согушта) силерге жакшылык жетсе (жанагы акылы чолок, ыйманы күчсүздөр) “Бул -Аллаһтан дешет. Ал эми, эгер жамандык жетсе (каапырлар сыяктуу ырым-жырым кылып): “Бул - сенден” дешет. Сен аларга: “Бардыгы Аллаһтан” - деп айткын. Бул адамдарга эмне болгон, эч бир сөздү туура түшүнүшпөйт
مَا أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍ فَمِنَ اللَّهِ ۖ وَمَا أَصَابَكَ مِنْ سَيِّئَةٍ فَمِنْ نَفْسِكَ ۚ وَأَرْسَلْنَاكَ لِلنَّاسِ رَسُولًا ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا
Сага кандай гана (диний же дүйнөлүк) жакшылык жетсе -ал Аллаһтан. Жана сага эмне жамандык жетсе - бул өзүңдөн. (О, Мухаммад!) Биз сени адамдарга (ушул нерселерди жеткирсин деп) элчи кылып жибердик. Аллаһ жетиштүү Күбө

Choose other languages: