Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #51 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ آمِنُوا بِمَا نَزَّلْنَا مُصَدِّقًا لِمَا مَعَكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ نَطْمِسَ وُجُوهًا فَنَرُدَّهَا عَلَىٰ أَدْبَارِهَا أَوْ نَلْعَنَهُمْ كَمَا لَعَنَّا أَصْحَابَ السَّبْتِ ۚ وَكَانَ أَمْرُ اللَّهِ مَفْعُولًا
О, китеп берилген адамдар! Бетиңерден бузуп, артына кайрып таштай электе, же болбосо, аларды (силердин араңардагы бузукуларды) “алтынчы күн ээлерин” каргаганыбыз сыяктуу каргап сала электе, өзүңөрдөгү (Тоорат, Инжил кабарларын) тастыктоочу кылып Биз жиберген нерсеге (Кураанга) ыйман келтиргиле! Аллаһтын буйругу дароо аткарылуучу
إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدِ افْتَرَىٰ إِثْمًا عَظِيمًا
Албетте, Аллаһ Өзүнө бир нерсени шерик кылынуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллаһка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يُزَكُّونَ أَنْفُسَهُمْ ۚ بَلِ اللَّهُ يُزَكِّي مَنْ يَشَاءُ وَلَا يُظْلَمُونَ فَتِيلًا
(О, Мухаммад!) өздөрүн актаган адамдарга карабайсыңбы?! Тескерисинче, Аллаһ, Өзү каалаган пендесин актап алат жана аларга (данекти орогон) чел кабыкчалык да зулум кылынбайт
انْظُرْ كَيْفَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ ۖ وَكَفَىٰ بِهِ إِثْمًا مُبِينًا
Карачы, алар Аллаһка кандай гана жалгандарды ойлоп таап жатышат. Анык күнөө болууга ушунун өзү жетиштүү
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِنَ الْكِتَابِ يُؤْمِنُونَ بِالْجِبْتِ وَالطَّاغُوتِ وَيَقُولُونَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا هَٰؤُلَاءِ أَهْدَىٰ مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا سَبِيلًا
Китептен насип-үлүш берилген адамдарга карабайсыңбы: Алар “жибт” жана “таагут(тар) га”? сыйынып жатышат жана каапырлар жөнүндө (аларга жагымпоздук кылып, ыйманды жек көрүп): “Ошолор момундарга караганда туурараак жолдо” деп жатышат

Choose other languages: