Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #97 Translated in Kyrgyz

وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَٰكِنْ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي مَنْ يَشَاءُ ۚ وَلَتُسْأَلُنَّ عَمَّا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Эгер Аллаһ кааласа, силердин бардыгыңарды бир үммөт (бир динде) кылып коймок. Бирок, Ал каалаганын адаштырып, каалаганын Туура Жолго салат. Силер (Кыяматта) эмне иш кылганыңар жөнүндө сураласыңар
وَلَا تَتَّخِذُوا أَيْمَانَكُمْ دَخَلًا بَيْنَكُمْ فَتَزِلَّ قَدَمٌ بَعْدَ ثُبُوتِهَا وَتَذُوقُوا السُّوءَ بِمَا صَدَدْتُمْ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ۖ وَلَكُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Антыңарды алдоо куралы кылып албагыла! (Эгер ошентчү болсоңор) бутуңар (түз жолдо) бекем болгондон соң тайып кетет жана Аллаһтын жолунан адашканыңар себептүү азап чегип каласыңар жана (акыретте да) силерге чоң азап жетет
وَلَا تَشْتَرُوا بِعَهْدِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۚ إِنَّمَا عِنْدَ اللَّهِ هُوَ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Аллаһтын убадасын аз гана баага сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, силер үчүн (дүйнө пайдасынан) Аллаһтын алдындагы сооп жакшы
مَا عِنْدَكُمْ يَنْفَدُ ۖ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ بَاقٍ ۗ وَلَنَجْزِيَنَّ الَّذِينَ صَبَرُوا أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Силердин алдыңардагы нерселер (канчалык көп болсо да) түгөнөт. Аллаһтын алдындагы нерселер түбөлүктүү! Биз сабыр кылгандардын сооп-сыйлыгын жасаган ишинен жакшыраак (көбүрөөк) кылып беребиз
مَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً ۖ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин! жакшы амалдарды жасаса, Биз аны (бул дүйнөдө) таза жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз

Choose other languages: