Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #88 Translated in Kyrgyz

وَيَوْمَ نَبْعَثُ مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا ثُمَّ لَا يُؤْذَنُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ
(Кыямат) Күндө ар бир үммөттөн (бирден) күбөнү алып келебиз.! Кийин каапырлар үчүн (кечирим суроого) уруксат берилбейт жана (кайрадан жашап келүүгө да) кайтарылышпайт
وَإِذَا رَأَى الَّذِينَ ظَلَمُوا الْعَذَابَ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ وَلَا هُمْ يُنْظَرُونَ
Зулумдук кылган (каапыр) адамдар азапты көрүшкөн убакта алардан (азап) жеңилдетилбейт. Жана мөөнөт да берилбейт
وَإِذَا رَأَى الَّذِينَ أَشْرَكُوا شُرَكَاءَهُمْ قَالُوا رَبَّنَا هَٰؤُلَاءِ شُرَكَاؤُنَا الَّذِينَ كُنَّا نَدْعُو مِنْ دُونِكَ ۖ فَأَلْقَوْا إِلَيْهِمُ الْقَوْلَ إِنَّكُمْ لَكَاذِبُونَ
Эгер Аллаһка шерик кошкондор өз “кудайларын” көрүп калса: “О, Раббибиз — (Аллаһ!), Сени таштап биз дуба-ибадат кылган “кудайларыбыз ушулар”-дешет. Анда аларга (“кудайлары”): “Силер — анык жалганчысыңар!” — деп сөз ыргытат
وَأَلْقَوْا إِلَى اللَّهِ يَوْمَئِذٍ السَّلَمَ ۖ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Ошол күндө алар Аллаһтан жансоога сурап калышат. Ойлоп тапкан “кудайлары” болсо, жок болуп кетет
الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ زِدْنَاهُمْ عَذَابًا فَوْقَ الْعَذَابِ بِمَا كَانُوا يُفْسِدُونَ
(Өздөрү) каапыр болуп (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон адамдардын азабынын үстүнө азап кошобуз, бузукулук кылгандары себептүү

Choose other languages: