Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #9 Translated in Kyrgyz

وَالْأَنْعَامَ خَلَقَهَا ۗ لَكُمْ فِيهَا دِفْءٌ وَمَنَافِعُ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ
Ал айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар.? Силер алардын этинен да жейсиңер
وَلَكُمْ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسْرَحُونَ
(Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар
وَتَحْمِلُ أَثْقَالَكُمْ إِلَىٰ بَلَدٍ لَمْ تَكُونُوا بَالِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ الْأَنْفُسِ ۚ إِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
(Айбандар) силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган (алыскы) шаар (лар) га ташып берет. Чынында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү
وَالْخَيْلَ وَالْبِغَالَ وَالْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةً ۚ وَيَخْلُقُ مَا لَا تَعْلَمُونَ
Алсилер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук үчүн (ойноктогон) аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты)! Жана силер билбеген нерселерди да жаратат.”
وَعَلَى اللَّهِ قَصْدُ السَّبِيلِ وَمِنْهَا جَائِرٌ ۚ وَلَوْ شَاءَ لَهَدَاكُمْ أَجْمَعِينَ
Туура Жолго баштоо - Аллаһтын вазыйпасы. Жолдордун арасында ийри жолдор да бар.? Эгер кааласа бардыгыңарды Туура Жолго баштамак

Choose other languages: