Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #11 Translated in Kyrgyz

وَتَحْمِلُ أَثْقَالَكُمْ إِلَىٰ بَلَدٍ لَمْ تَكُونُوا بَالِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ الْأَنْفُسِ ۚ إِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
(Айбандар) силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган (алыскы) шаар (лар) га ташып берет. Чынында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү
وَالْخَيْلَ وَالْبِغَالَ وَالْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةً ۚ وَيَخْلُقُ مَا لَا تَعْلَمُونَ
Алсилер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук үчүн (ойноктогон) аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты)! Жана силер билбеген нерселерди да жаратат.”
وَعَلَى اللَّهِ قَصْدُ السَّبِيلِ وَمِنْهَا جَائِرٌ ۚ وَلَوْ شَاءَ لَهَدَاكُمْ أَجْمَعِينَ
Туура Жолго баштоо - Аллаһтын вазыйпасы. Жолдордун арасында ийри жолдор да бар.? Эгер кааласа бардыгыңарды Туура Жолго баштамак
هُوَ الَّذِي أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً ۖ لَكُمْ مِنْهُ شَرَابٌ وَمِنْهُ شَجَرٌ فِيهِ تُسِيمُونَ
Ал силерге асмандан суу түшүрдү. Ичер сууңар да ошондон, (өскөн) дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды) сугарасыңар
يُنْبِتُ لَكُمْ بِهِ الزَّرْعَ وَالزَّيْتُونَ وَالنَّخِيلَ وَالْأَعْنَابَ وَمِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
(Аллаһ) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Албетте, буларда, пикир кылган элдер үчүн (Аллаһтын кудурет-даанышмандыгын билдирген) далилдер бар

Choose other languages: