Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #105 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا بَدَّلْنَا آيَةً مَكَانَ آيَةٍ ۙ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوا إِنَّمَا أَنْتَ مُفْتَرٍ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
(О, Мухаммад!) Эгер Биз бир аяттын ордуна башкасын алмаштырсак — Өзү түшүргөн нерсесин Аллаһ Өзү Билүүчү? — алар (мушриктер) «Сен (ичиңден) ойлоп чыгаруудасың» дешет. Жок! (Андай эмес) Алардын көпчүлүгү билишпейт
قُلْ نَزَّلَهُ رُوحُ الْقُدُسِ مِنْ رَبِّكَ بِالْحَقِّ لِيُثَبِّتَ الَّذِينَ آمَنُوا وَهُدًى وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ
Ал аятты Ыйык Рух (Жебирейил периште) Раббиң тарабынан ыймандууларды (Өз жолуна) бекемдеш үчүн, Туура Жол жана мусулмандарга Жакшы Кабар болушу үчүн акыйкат менен түшүргөн
وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّهُمْ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُ بَشَرٌ ۗ لِسَانُ الَّذِي يُلْحِدُونَ إِلَيْهِ أَعْجَمِيٌّ وَهَٰذَا لِسَانٌ عَرَبِيٌّ مُبِينٌ
Биз билебиз, алар (мушриктер): “Чынында, Кураанды Мухаммадга (бир) адам үйрөткөн» деп жатышат. Алар (пайгамбардын устаты деп) көргөзүп жаткан адамдын тили арабча эмес. Ал эми, бул (Кураан) анык-таза араб тилинде
إِنَّ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ لَا يَهْدِيهِمُ اللَّهُ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Албетте, (ар нерсени шылтоолоп) Аллаһтын аяттарына ыйман келтирбей жүргөн адамдарды Аллаһ Туура Жолго баштабайт жана аларга жан сыздаткан азап бар
إِنَّمَا يَفْتَرِي الْكَذِبَ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْكَاذِبُونَ
Чынында, Аллаһтын аяттарына ыйман келтирбегендер гана (ушундай) жалгандарды ойлоп табышат. Алар — жалганчылар

Choose other languages: