Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #64 Translated in Kyrgyz

وَمَا أُوتِيتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَمَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَزِينَتُهَا ۚ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми, Аллаһтын алдындагы (Бейиш) жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби
أَفَمَنْ وَعَدْنَاهُ وَعْدًا حَسَنًا فَهُوَ لَاقِيهِ كَمَنْ مَتَّعْنَاهُ مَتَاعَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ثُمَّ هُوَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مِنَ الْمُحْضَرِينَ
Биз ага сонун жашоону (Бейишти) убада кылган жана ага (сөзсүз) жетүүчү киши бул дүйнөдө Биз ага пайдаларды (аябай) берип, кийин Кыямат Күндө (тозок үчүн) даярдалган кишиге окшойбу
وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ
Ал Күндө (Аллайһ) аларга айтат: «Силер (Мага шерик деп) ойлогон «кудайларыңар кана?!»
قَالَ الَّذِينَ حَقَّ عَلَيْهِمُ الْقَوْلُ رَبَّنَا هَٰؤُلَاءِ الَّذِينَ أَغْوَيْنَا أَغْوَيْنَاهُمْ كَمَا غَوَيْنَا ۖ تَبَرَّأْنَا إِلَيْكَ ۖ مَا كَانُوا إِيَّانَا يَعْبُدُونَ
(Анан) Алардын үстүнө Сөз (азап) түшүүсү анык болуп калгандар!: «О, Рабби! Мына бул биз азгырган кишилер, биз аларды Өзүбүз азгырылган сыяктуу азгырганбыз. Биз Сага Өзүбүздү (алардан) актайбыз. Алар Бизге ибадат кылышкан эмес»- дешет
وَقِيلَ ادْعُوا شُرَكَاءَكُمْ فَدَعَوْهُمْ فَلَمْ يَسْتَجِيبُوا لَهُمْ وَرَأَوُا الْعَذَابَ ۚ لَوْ أَنَّهُمْ كَانُوا يَهْتَدُونَ
(Анан мушрик элдерге) айтылат: «Мага шерик кылган «кудайыңарды» (жардамга) чакыргыла!» Чакырышат. Бирок, аларга («кудайлары») жооп бербейт. Кийин алар азапты көрүшөт. Кана эми, алар (бул дүйнөдө) хидаят тапкан болушса

Choose other languages: