Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qasas Ayahs #7 Translated in Kyrgyz

نَتْلُو عَلَيْكَ مِنْ نَبَإِ مُوسَىٰ وَفِرْعَوْنَ بِالْحَقِّ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
(О, Мухаммад!) Биз сага (сен аркылуу ыймандуу адамдарга) Муса менен Фираундун икаясын акыйкат менен тилават кылып беребиз
إِنَّ فِرْعَوْنَ عَلَا فِي الْأَرْضِ وَجَعَلَ أَهْلَهَا شِيَعًا يَسْتَضْعِفُ طَائِفَةً مِنْهُمْ يُذَبِّحُ أَبْنَاءَهُمْ وَيَسْتَحْيِي نِسَاءَهُمْ ۚ إِنَّهُ كَانَ مِنَ الْمُفْسِدِينَ
Чынында, Фираун жер бетинде (өзүнүн байлыгы, бийлиги, аскер күчү менен) обочолонуп кетти. Жана жер (Мисир) элдерин бөлүктөргө бөлүп салды. Алардан бир тайпа элге (Исрайил урпактарына) зулум көргөзүп, эркек балдарын союп, кыз балдарын тирүү калтырып жатты.? Чынында ал бузуку адамдардан болгон
وَنُرِيدُ أَنْ نَمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ
Анан биз жерде (Мисирде) зулумдук көргөн адамдарга жакшылык кылып, аларды алдыңкылар жана (Мисир жерине) мураскорлор кылууну кааладык
وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَنُرِيَ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا مِنْهُمْ مَا كَانُوا يَحْذَرُونَ
Жана Биз аларды жерде бекем жайгаштырууну, Фираун, Хааман! жана экөөсүнүн аскерлерине ушулар тарабынан өздөрү кооптонгон нерсени көргөзүүнү (кааладык)
وَأَوْحَيْنَا إِلَىٰ أُمِّ مُوسَىٰ أَنْ أَرْضِعِيهِ ۖ فَإِذَا خِفْتِ عَلَيْهِ فَأَلْقِيهِ فِي الْيَمِّ وَلَا تَخَافِي وَلَا تَحْزَنِي ۖ إِنَّا رَادُّوهُ إِلَيْكِ وَجَاعِلُوهُ مِنَ الْمُرْسَلِينَ
Биз Мусанын апасына (мындай деп) илхам бердик: «Аны эмизе бер. Эгер (аскерлер келип) ага (зыян жетишинен) корксоң (сандыкка салып, Нил) дарыясына агызып жибер. Коркпогун жана капа болбогун. Биз балаңды сага кайтарып беребиз жана аны пайгамбарлардан кылабыз»

Choose other languages: